Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 09:57

Нарындык «Коммунизм» Лондондогу аукциондо


Лондондогу "Ара жолдо: Кавказ менен Борбор Азиядагы заманбап көркөм өнөр" көргөзмөсүндө сатыкка коюлган Алимжан Жоробаевдин "Коммунизмдин карааны" деген сүрөтү.

Лондондогу "Ара жолдо: Кавказ менен Борбор Азиядагы заманбап көркөм өнөр" көргөзмөсүндө сатыкка коюлган Алимжан Жоробаевдин "Коммунизмдин карааны" деген сүрөтү.

Лондондогу "Сотбисте" Кыргызстандан төрт сүрөткердин чыгармалары коюлган. Маданиятка коом далысын салган мезгилде сүрөткерлер кантип ушундай эл аралык деңгээлге чыгып жатышат?

Алимжан Жоробаев фотограф журналист, өз кезинде Болот Шамшиев баш болгон көптөгөн атактуу режиссерлер менен иштешкен.

Чебердин былтыр Милан шаарындагы көргөзмөдө коюлган «Коммунизмдин карааны» деген сүрөтү азыр Лондон шаарындагы "Сотбисте" турат.

Жоробаевдин айтымында, "Сотбистин" деңгээлиндеги көргөзмө-аукциондордо бизден Гапар Айтиев өңдөнгөн көзү өткөн сүрөткерлердин эмгектери жакшы өтүшү мүмкүн:

- Көзү өтүп кеткен сүрөтчүлөрдүн эмгектери ар дайым баа жеткис болот, анткени бизде айтылгандай, алардын өздөрү жок, станоктору токтоп калган.


Лондондо Кыргызстандан Жоробековдон тышкары Аза Шаденин "Айдан" деген сүрөтү, ошондой эле жубайлар Гүлнара Касмалиева менен Муратбек Жумалиевдин "Жаз" деген тасмасы турат.

«Сотбисте» былтыр Эдвард Мүнктун «Кыйкырыгы» рекорддук 120 миллион долларга сатылган. Жылыга бул аукцион 60 миллион доллар киреше алат. Азыр дүйнөлүк көркөм өнөр базарында миллионерлердин саны бир миллиондон ашкан Кытай үстөмдүк кылат.

Башка аукциондордой эле «Сотбис» да экс-советтик жумурияттарда, айрыкча мунайга бай Азербайжан менен Казакстандан көркөм өнөргө инвестиция салгысы келген бай кардарлар менен да алака түзүүнүн жолдорун издеп келишет.

«Ара жолдо» (Crossroads) мына ушул багыттагы соңку иш-чара болуп калды. Мындагы чыгармалар үч миңден жарым миллион долларга чейинки суммага сатылууда. Эгер аларман көп болсо үч миң доллардык сүрөт отуз миңге сатылып кетиши деле ажеп эмес.

Алимжан Жоробеков өз сүрөтү канчага бааланганын айткан жок, бирок ар бир адамдын колунда фотоаппарат болгон бүгүнкү күндө да, ар ким эле жогорку чеберчиликтеги чыгарма жарата албайт дейт:

Мен «Коммунизм караанын» тарткан 20 жыл мурда анын азыркыдай актуалдуу болоорун билген эмесмин. Жакшы сүрөт тартыш үчүн керектүү жерде керектүү саатта болуш керек. Анан албетте, кырдаалдын канчалык курч же өзгөчөлүү экендигин туюп, удургуган сезимдерди сүрөт аркылуу көрсөтө билиш керек. Мындан тышкары бир эле нерсени беш киши тартса, бирөөнүкү гана кызыктуу болушу мүмкүн, анткени ал туура ракурсту тандап алып, туура жерден туруп тарткан.

Лондонго барып калсаңыз, бул аукциондон ошондой эле казакстандык авангард сүрөтчү, кезинде советтик бийликтер «Пикассону туурайт, буржуазиялык формализмге берилип алган» деп айыптаган маркум Салихитдин Айтбаевдин эмгектерин, Өзбекстандан Рахим Ахмедовдун 1959-жылкы жергиликтүү декоративдик үлгүдө тартылган, кызыл-тазыл көйнөкчөн «Сурхандайралык кызын» көрө аласыз.

Ал эми казакстандык фотограф Алмагүл Менлибаеванын «Арал деңизинин боюнда - 2» деген сүрөтүндө какыраган чөлдө, боегу сыйрылган эски кеменин четинде сулуу кыз керилип эс алып жатат. Биз кыздын жүзүн же кандай кийимчен экенин көрө албайбыз, себеби тулку бою тегерек төрт диск менен жабылган.

Бул эмгектер сатылган күндө да, кирешенин канчасы авторлорго тийээри белгисиз, себеби бул жашыруун сыр экен. Бирок аукциондун Орусия бөлүмүн жетектеген Иоанна Викери "Азаттыкка" акчанын көбү сатуучулардын колунда калаарын моюнга алды.

Сүрөткерлер көп учурда бир күн ачка, бир күн ток күн өткөрүшөт. «Сотбисте» «Кап ортосу» (Golden Ratio) деген эмгеги коюлган казакстандык Георгий Триякин-Бухаровдун сүрөттөрү буга чейин Италия, Германия, Индияда көрсөтүлгөн. Сүрөтчү болсо мисалы чөнтөк телефон сыяктуу эң жөнөкөй оокат-кечекти сатып алганганга акчасы жок экендигин жашырбайт.

Алимжан Жоробеков акча жагын сүйлөгүсү келген жок, бирок көркөм өнөр адамы үчүн учурдун көйгөйүн өз чыгармасы аркылуу элге жеткирип берүү өтө маанилүү экендигин белгилейт. Ошол эле убакта ал мыкты чыгарма "кой үстүндө торгой жумурткалаган" жыргал замандарда гана жаралбайт дейт:

- Жылыштар өлкө экономикалык же руханий жактан көтөрүлгөндө болот. Же тескерисинче, сүрөткер баш-аламан капсалаңда «ачылыш» жасашы мүмкүн. Биз азыр дал ошондой оомал-төкмөл өткөөл заманды баштан кечирип жатабыз. Лондондогу көрсөтмө ошон үчүн «Ара жолдо» деп аталат.

Алматыдагы «Улар» галереясынын көркөм директору Юрий Маркович белгилегендей, Казакстан өңдөнгөн бай өлкөлөрдө да сүрөткерлерге каражат бөлүнбөй келет. Ушул көз караштан алганда, алыскы Британиядагы аукционду көркөм өнөр чөйрөсүндө үмүттүү жылыш катары баалап жатканы таң калыштуу эмес.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG