Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:45

Астероидден кен казуу – анык иш


Космос -- Марска алгачкы адамзаттын барышын мерчемдеген иллюстративдик сүрөт.
Космос -- Марска алгачкы адамзаттын барышын мерчемдеген иллюстративдик сүрөт.

Акчаңыз көп болсо, жакында Айга саякаттап барсаңыз болот. Саякаттан тышкары адистер азыр жер жүзүндөгү кен байлыктар аздык кылаарын, башка планеталардан да казып издеш керектигин айта баштады.

АКШ 6-сентябрь күнү Айга “Минотавр–5” чөлмөгүн Виржиниядан учурду. Ошол эле маалда космос ышкыбоздору Жерден алда канча алыс жайгашкан астероид жана метеориттерден кен казып алуу — келечекте толугу менен ишке ашчу көрүнүш деп ишендирип жатышат.

Жердин байлыгы азайып, эми эбегейсиз космос мейкиндигинен киреше табуу – көптөн бери талкууланып келе жаткан маселе. Негизгиси бул ири миллиарддаган доллар сарпталуучу долбоор дүйнөдөгү эң алдыңкы илимпоздордун жана ишкерлердин башын бириктирди. Британиялык бизнесмен Сэр Ричард Бренсондун “Вөржин Галактик” компаниясы жүргүнчүлөрдү Жердин орбитасына учуруучу дүйнөдөгү эң алгачкы коммерциялык ташуучу. Миллиондогон доллардан ашык акча төлөгөн жүргүнчүлөрдүн биринчилери эмдиги жылы Жердин орбитасына көтөрүлөт.

Ал эми андан да ары саякаттап, Айга баргысы келгендер 100 млн. фунт төлөп Жердин табигый жандоочусуна учууга мүмкүнчүлүк алышты. Улуу Британиядагы Мэн аралында катталган “Экскалибур Алмаз” советтик ракета менен 2015-жылдан тарта жүргүнчүлөрдү Айга ташый баштайт. Ким барат деп кам санабаңыз, эки компаниянын тең алдын-ала кезекке жазылган кардарлары бар.

Космотуризмден тышкары, адамзаттын сары алтын, платина жана башка түстүү металлдарга болгон муктаждыгын канааттандыруу максатында дүйнөдөгү эң бай жана эң алдыңкы астрономдор “Плэнетари Ресорсес” кен компаниясын түптөгөн. Бул компания роботтордун жардамы менен космостон кен байлыктарды Жерге ташууну көздөп жатат.

Серепчилер коммерциялык космостү өздөштүрүү – кирешелүү өндүрүштөрдүн бирине айланышы толук ыктымал деп эсептешет. Адистердин баамында, азыркы тапта космостон пайда табууну “эгер” эмес, “андай бизнес качан башталат” деп суроо салуу абзел.

Ал ортодо юристтер космосто бизнес жүргүзүүдө кайсыл өлкөнүн, же деги эле Жер жүзүндөгү мыйзамдар колдонулабы деп баш катырууда. Айрымдары АКШнын космос кемесинде америкалык мыйзам үстөмдүк кылат десе, башкалары таптакыр жаңы мыйзам керектигин белгилешет. Салыкчылар болсо астероидде өндүрүлгөн кенге кайсыл өлкөнүн салык эрежелери колдонулат, же космос кенчилери таптакыр салык төлөбөйбү деген суроого жооп издеп жаткан чак.

Кошумчалай кетчү нерсе, космосту изилдөөгө Кыргызстандын да салымы бар. Мурдагы Автоматика институту, учурдагы Машине куруу институтунун адистери өткөн кылымдын 60–70-жылдарында Советтер союзунун Айды изилдөө программасынын алкагында космоско учурулчу кемелердин, ракеталардын жана чөлмөктөрдүн тетиктерин ойлоп таап жасашкан.

Натыйжада “Луна–24” аппараты 1976-жылы 18-августта Айга саат 9:30да конуп, бир суткадай болуп, 19-августта саат 8:30да кайра Жерге кайткан. Кыргыз окумуштуулары ойлоп тапкан бургулоо аспабы планетабызга эки метр Айдын топурагын ала келген. Кыргызстандагы Машине куруу институту Айды изилдөөдөн тышкары, Чолпон планетасын жана Галилео кометасын изилдөө долбоорлоруна да катышкан.

Ким билет, балким келечекте Кыргызстандын илимпоздору, кенчилери жана ишкерлери космостон кен өндүрүүгө да жигердүү салым кошуп калгысы бардыр.
  • 16x9 Image

    Бакыт Азимканов

    Лондондо жашаган эркин журналист жана блоггер. Кыргыз маданиятын дүйнөгө таанытуу  боюнча долбоорлордун автору.

XS
SM
MD
LG