Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:52

Бирөөнө бир упай да чоң олжо


С тобунда Италия Хорватия менен 1:1 эсебинде тең чыкса, фавориттердин бири Испания Ирландияны 4:0 менен утту, чыгаан футболчу Роналду гол киргизе элек, орус күйөрманы 3 айга кесилди.

Италия – Хорватия таймашы негизинен италиялыктардын басымы астында өтүп, Андреа Пирло биринчи тайм соңунда керемет гол киргизди, бирок алар артыкчылыгын 72-мүнөттө колдон чыгарып ийишти.

Оюн соңунда шаабайы сууп тарап бараткан италиялык “тиффозини” байкаган чыгарсыздар? Хорваттар үчүн бул тең чыгуу жеңишке тете болгонун команда устаты Славен Билич жашырган жок.

Хорват ышкыбоздору
Хорват ышкыбоздору
Ал эми экинчи оюнда Европа жана дүйнө чемпиондору испандар өз статусун бышыктап, Ирландияны 4:0 эсебинде утту. Ушундан соң турнирде Ирландия чейрек финалга чыкпай калган биринчи команда болуп калды.

С тобунда 4төн упай алган Испания менен Хорватия алдыда келатат, соңку турда дал экөө кез келмекчи. Италиянын болсо 2 упайы бар. Кыскасы, кайсы эки командага эки жолдомо тийери ошол сонку турда чечилмекчи.

Эки турдан кийин 3төн гол киргизген немис чабуулчусу Марио Гомес, орусиялык футболчу Алан Дзагоев жана хорват оюнчусу Марио Манджукич алдыңкы сапта турушат.

Ирландиядан келген ышкыбоздор
Ирландиядан келген ышкыбоздор
Ооба, Роналду бир да гол киргизе элек. Бирок анын “Реалдагы” шериги Пепе өз капитанын колдоп, алдыда Роналдунун арааны сөз жок ачылат деп ишендирүүдө. Биздин капитан ашкере сарсанаага алдырып жатат, жакында баары жайына келет деген Пепенин сөзүн УЕФАнын сайты жазды.

Ал ортодо Варшаванын соту 20 жаштагы орус күйөрманы Дмитрий Абрамовду үч ай түрмөгө кести. Ал 12-июнда Польша – Орусия беттешүүсү алдында мушташы үчүн ушундай жазага кириптер болгон экен. Андан башка да орусиялык үч күйөрман камалган эле, алардын тагдыры азырынча белгисиз.

Европа чемпионатында бүгүн кечинде Д тобунда Украина – Франция, Англия – Швеция матчтары өтөт. Футболго ынак болуңуздар!
XS
SM
MD
LG