Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:46

Euro-2012: Дел Боске баарын жеңди


Испания Италияны 4:0 деген ири эсеп менен утуп, Европанын катары менен эки жолку чемпиону болду. Мыкты бомбардир наамына алты футболчу татыды.

Чынын айтканда, финалдык оюндун эсеби быйылкы чемпионаттын сенсациясы болду. Футбол адистери 90 мүнөт, балким, 120 мүнөт бою айыгышкан таймаш өкүм сүрүп, аягы пенальти менен жыйынтыкталат деп божомолдоп жатышкан эле. Бирок мелдеш көрсөткөндөй, испандар бардык жагынан каршылаштарына үстөмдүк кылды.

Ал эми 2-таймда көк майсаңга бир гана испандар ээлик кылып, тынбай айлан-көчөк аттырып, италиялыктар болсо бул каргаша батырак бүтсө экен деп гана саат санап калгандай эле таасир калды.

Негизи Италиянын коргонуусу дүйнөдө эң мыктылардан саналат, бирок Иниеста, Хави, Фабрегас, Алба аттуу тыным албаган, футболдун ченеми менен алганда, жапалдаш бойлуу испандар Скуадра адзурранын коргонуу чебин, элестүү айтканда, туш-туштан жырып өтүп жатышты. Негизи эле майдан ордосуна испандар басымдуулук кылып, чуркоо жагынан да атаандаштарына желдей жеткирбей коюшканы даана байкалды.

Ырас, оюн башында италиялыктардын айрым чабуулдары да курч болду, бирок дүйнөдө мыкты голкипердин бири саналган Касиляс дарбазасын “кургак” сактап кала алды.

Бир жагынан экинчи таймда италиялыктардын он оюнчу менен калганы да бул команданын демин өчүрдү окшойт. Оюнчуларды алмаштыруу лимити бүткөндөн кийин италиялык Мотта травма алып, аны замбил менен көтөрүп кетишти.
Кантсе да, бардык футболчусун сак-саламат, күчү жана чеберчилиги жагынан мыктылап таптап, финалга жеткире алган Дел Боскенин дарегине мактоолор жаап жаткан чагы.

Тики-таканын айласын эми ким табат?

Испандар өз тобунда болобу, плэй-оффто болобу, өтө эле сак, эсепчил оюн көрсөттү деп футбол билермандары сындап да, сөгүп да келатышкан эле, финалдагы керемет жеңишинен кийин эми анын сырын жандырууга өтүштү.

Жарым финалдын соңку мүнөттөрүндө Португалиянын шайын кетиргени испандардын көз тайгылткан оюнун көрөбүз деген үмүт отун жандыргандай болгон.

Финалда болсо баштан аяк тики-така, же болбосо топту токтотпой бири-бирине узатуу ыкмасын мурдагыдан кыйла тездик менен жүзөгө ашыра алышты. Бул да испан устаты Дел Боскенин кылганы деп тамшанып жатышат. Ошентип Испания катары менен үч чемпионатты – эки ирет Европа, бир ирет дүйнө биринчилигин утуп алган мамлекет катары тарыхка кирди.

Дагы бир статистика. Алты оюнчу – орусиялык Алан Дзагоев, немис Марио Гомес, хорват Марио Манджукич, италян Марио Балотелли, португал Криштиану Роналду жана испан Фернандо Торрес үчтөн гол менен мыкты бомбардир наамын бөлүп алышты. Торрес Италияга акыркы голду деле өзү киргизип, жалгыз эле бул наамдын ээси болуп калмак. Бирок командалык оюнчу экенин далилдегиси келдиби, айтор, өзүнөн бир аз ыңгайлуу өңүттү ээлеген Матага голду ыраа көрбөдүбү.

Ал эми чемпионаттын ачылышы катары италиялык Марио Балотеллини аташып, Супермарио деп алкап жатышкан эле, бирок финалда испандар аны ойнотпой, буту-колун тушап коюшту. Андан көрө Испаниянын “Валенсия” командасынын жаш коргоочусу Хорби Алба көпчүлүктүн көңүлүн кушубак кылганын айтуу керек. Айтмакчы, бул учкан куштай сызган футболчуну тики-така тактикасынын атасы саналган “Барселона” клубу сатып алганы дайын болду.

Ошентип быйыл дүйнөдөгү башкы спорттук окуя да соңуна чыкты. Чемпионат эстен кеткис канча мүнөттөрдү тартуулап, миллиондорду канча ыракатка бөлөдү дейсиз! Ышкыбоздор эми бир-эки күн уйкусун кандырып алып, баштан-аяк кайра көз алдынан сыдырат эмеспи. Футболго ынак болуңуздар!
XS
SM
MD
LG