Линктер

шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:34

Аргентиналык Лионел Месси 4-жолу катары менен дүйнөнүн мыкты футболчусу экенин тастыктады.

Кечээ Цюрихте өткөн салтанатта Барселонанын чабуулчусуна Ballon d`Or - Алтын топ сыйлыгы ыйгарылды. Мессиге чейин тарыхта бир да футболист 4 ирет катары менен бул сыйлыкты алган эмес.

Месси быйыл да футболдун эң абройлуу сыйлыгын алат деп күн мурунтадан эле күтүлгөн. Өткөн сезондо Барселонанын жана Аргентинанын улуттук командасынын курамында 25 жаштагы Месси 91 гол киргизген.

Аны менен бирге дүйнөнүн эң мыкты футболчусу деген наамды футболдо атак-даңкка ээ болгон жылдыздар: "Реал Мадрид" клубунун оюнчусу, португалиялык Криштиан Роналдо жана Барселонанын дагы бир өкүлү, Европа жана дүйнө чемпиону испаниялык Андрес Иньеста талашты.

Месси

Месси

Тарыхка кайрылсак, Мишел Платини 1983, 1984 жана 1985-жылдары, Йохан Круифф 1971, 1973 жана 1974-жылдары жана Марко Ван Бастен 1988, 1989 жана 1992-жылдары Ballon d`Or сыйлыгына татыган.

Алтын топту алып жатып, Месси жакындарына, Барселонадагы клубдаштарына, Аргентинанын курама командасы боюнча мекендештерине ыраазычылыгын билдирди:

- Албетте мен абдан бактылуумун, сыйлыкты дагы бир жолу жеңүү – чоң сыймык. Оюндан ырахат алууга аракеттенем. Бардык матчтар маанилүү. Чоң спорттон кеткенден кийин буга чейинки жетишкендиктериме көз чаптырсам керек. Азыр болсо ага убакыт жок.

Алтын топ сыйлыгы 1956-жылы "Франс Футбол" журналынын ошол кездеги журналисти Габриэл Ано тарабынан уюштурулган. Ал калемгерлери арасында сурамжылоо өткөрүп, эски континенттин эң мыкты футболчусун атоону өтүнгөн. Жеңүүчүлөр улуттук командалардын капитандары, машыктыруучулар жана спорт журналисттери тартылган добуш берүү аркылуу аныкталат.

2010-жылдан тарта бул сыйлык менен ФИФАнын жылдын эң мыкты оюнчусу деген сыйлыгы бириктирилип, ФИФАнын Алтын тобу деп аталып калган. Муну менен албетте анын аброю да артты.

Висенте дел Боске

Висенте дел Боске

Сыйлык жалаң гана футболчуларга эмес, машыктыруучуларга да берилет. Жылдын машыктыруучусу болуп испан командасынын устаты Висенте дел Боске аталды.

- Испан футболунун өкүлү катары абдан кубанып турам. Бүгүн бул жерде испаниялык клубдарда ойногон ушунча футболчуну көрүү чоң сыймык. Бул – биздин футбол күчтүү экенин далилдейт.

Ал эми жылдын символикалык командасына Испан клубдарында ойногон 11 футболчу, анын ичинде 6 испаниялык кирген.

Аялдар арасында болсо Алтын топту Лондон Олимпиадасынын чемипону, америкалык Эбби Умбаш алды.

Өзбекстандын улуттук командасы болсо Адилет оюн деген категорияда жеңүүчү аталды.
  • 16x9 Image

    Айнура Жекше кызы

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, котормочу. Кыргыз улуттук университетинин чет тилдер факультетин аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG