Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:09

"Бавария" "Барсаны" Олимптен кулатты


Марио Гомес "Барселонага" киргизген гол. Мюнхен, 23-апрель, 2013-жыл
Марио Гомес "Барселонага" киргизген гол. Мюнхен, 23-апрель, 2013-жыл

Кечээ Чемпиондор лигасынын жарым финалдык алгачкы беттешүүсүндө "Барселона" "Баварияга" 0-4-эсеби менен утулуп калды. Эмки шаршембиде экинчи матч ойнолмокчу. Бирок футбол адистери германиялык клуб 25-майда Лондондогу финалда баалуу трофей үчүн күрөшөт деп азыртадан эле айтышууда.

Adios Wembley! Футболдо чакан төңкөрүш жасап, "Барсаны" футбол Олимпинен кулаткан германиялык клуб мындан 4 жыл мурунку беттешүү үчүн реванш алгансыды. 2009-жылы Чемпиондор лигасынын чейрек финалында “Бавария” “Барселонага” биринчи оюнда 0-4 утулуп, экинчиси 1-1 эсебинде аяктаган. Кечээ болсо "Мюнхен" клубу дал ушундай 4-0 эсеби менен жеңип, каталониялыктар кризиске туш болду, "баягы "Барса" жок" деген кептерди далилдеди. Чейрек финалда эле “Пари Сен Жермен” менен беттешүүлөрдө “Барселона” оюнчуларынын чабалдыгы байкалган.

Арбитрдин дарегине көп сын айтылганы менен, “Бавариянын” үстөмдүгү ачык эле көрүнүп турду. Эң кызыгы, “Барселона” топту көбүрөөк убакыт кармаганы менен (67%), кээ бир спорт комментаторлору белгилегендей, топ менен эмне кылаарын билбей эки жакка жөн эле чуркангандай таасир калтырып атышты. “Топту кармап туруу жакшы, бирок аны менен эмне кылуу керектигин билүү андан да жакшы”, - деп жазат француз басылмаларынын бири.

Дээрлик көрүнбөгөн Леонел Месси клубдаштары менен топту каршы тараптын дарбазасына болгону 4 жолу тебишиптир. 25-мүнөттө Мюллер башы менен киргизген голдун артынан Мюнхендеги Альянц Аренада “Барселона – ноль” деген добуш дагы 3 жолу жаңырды.

Албетте венгриялык арбитр Виктор Кашайдын кээ бир каталары даана көрүнүп турду. Марио Гомес 49-мүнөттө билинээр-билинбес оффсайддан тепти. Робен болсо голун Мюллер Хорди Албаны эрежеге жатпаган ыкма менен токтоткондон кийин киргизди. Бирок Пике жана Алекси Санчес колдору менен ойноп койгондо, судья “Барсанын” дарбазасына пенальти көргөзгөн жок.

Робендин голунан кийин Мюллер дагы бир топ киргизип, командасынын финалга чыгуусун дээрлик 100 процентке камсыздады. Мюнхендиктердин 25-майда Уэмбли стадионунда ойнобой калышына жер титирөө же башка бир чоң катаклизм гана тоскоолдук боло алат, - дешет футбол аналитиктери.

Статистикага караганда, 1970-71-жылкы сезондон бери бир дагы клуб өз талаасында 4-0 уткандан кийин жарыштан чыгып кала элек.

“Эң кайгылуу түн”, “Тарыхый утулуш”, “Доордун аягы”. Испан гезиттери Лондондогу финалда "Эл классикого" ("Реал" менен "Барсанын" беттешүүсү) күбө болуу үмүтүн үзгөндөй. “Лео матчка 2 саат калганда гана доктурлардын уруксатын алды, албетте, ал оюнга 100 процент даяр эмес болчу, өзүнүн көнүмүш деңгээлинен алда канча төмөн ойноду”, - деп жазат El Mundo Deportivo басылмасы.

Месси өз командасында эң аз чуркаган оюнчу болуп чыкты. Ал эми атаандаштар лагериндеги Рибери же Робенге караганда 3 километр аз чуркаптыр.

“Бүт сезон бою биз мыкты футбол көргөзүп келатабыз. Тактикалык тартип чындап эле айраң калтырат”, - дейт “Бавариянын” машыктыруучусу Юп Хайнкес. Буга үндөш оюн Хави Мартинес да айтат: “Биз жакшы ойноп келатабыз. Бул биздин эң мыкты матчыбыз болду деп айтуудан алысмын”. “Европа футболунда 5 жылдан бери эң күчтүү клуб катары таанылып келаткан “Барсаны” ушундай эсеп менен жеңүү сыймыктанууга арзыйт. Бирок биз ашыкча кубанбай, алдыда жарым финалдык дагы бир беттешүү бар экенин эстен чыгарбашыбыз керек”, - деп жыйынтыктайт Арьен Робен.

Рибери да эмки матчка даярдануу керектигин айтат: “Албетте бүгүн жакшы жыйынтык көрсөттүк. 4-0 эсеби менен жеңдик. Бирок "Барселонада" жакшы ойноп, жакшы жыйынтыкка жетишүү зарыл, - деди Рибери франциялык L`Equipe журналына.

Дагы бир кызыктуу статистика - 2001-жылы “Реал Мадридди” 4-1 эсеби менен жеңген “Бавария” ошондон бери испаниялык бир да клубга 4 гол киргизе элек эле.

Эми 26 гол менен мюнхендиктер голдордун саны боюнча алдыга чыгып, өз талаасында эң аз утулган клуб экенин далилдеди. Чемпиондор лигасындагы 21 оюнда алар Альянц Аренада 18 жолу жеңди.

Баса, эми “Бавариянын” катарына “Боруссия Дортмунддан” Марио Гөтце кошулмакчы. Дортмунд болсо бүгүн кечинде “Реал Мадрид” менен алгачкы беттешүүгө чыгат. Бул сезондо Чемпиондор лигасында атаандаштар бир жолу каршылашкан. Анда немистердин клубу уткан.
XS
SM
MD
LG