Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:53

Бэкхемдин дебюту, эки клубдун тиреши


Давид Бэкхемдин Paris Saint Germain (PSG) клубундагы дебюту болду. "Барселона" Падыша кубогунун жарым финалында эң күчтүү атаандашы "Реал Мадридге" утулуп калды.

Бир командада ойногон эки жылдыз 100 метрлик талаага батабы? Бири бирине ашыкча атаандашпай, кызганбай, командалык духта ойноп, өз ара кызматташабы?

Paris Saint Germain клубунун жетекчилигин дал ушул суроолор түйшөлтүп жатты өңдөнөт. Себеби жакында кошулган Давид Бэкхемге чейин команданын сыймыгы жана эң чоң таянычы, дүйнөлүк футболдун дагы бир жылдызы Златан Ибрагимович болуп келди.

Жекшембиде Марселдин "Олимпик" клубу менен беттешүү эки даңазалуу футболист PSGнин ийгилигине бирдей салым кошо алаарын көрсөткөнсүдү.

Франция кубогу үчүн таймашууда океандын ары жагынан Европага кайткан 37 жаштагы Бэкхем 86 мүнөт бою жаш футболисттерден калбай чуркап, машыктыруучу Карло Анчелоттинин мактоосуна арзыды. Борбор шаардын клубу атаандаштарын 2-0 эсебинде жеңип алды.

PSGнин спорттук директору Леонардо журналисттердин суроосуна: "Биз аны сүрөткө түшүп, пресс-конференция өткөрүү, футболкаларын сатуу үчүн гана сатып алганбыз”, - деп, Бэкхемдин формасына, жашына скептикалык көз караштагы комментарийлерди какшыктагансып жооп берди.

Клубдун президенти Насер ал-Хелаифи болсо Бэкхем маркетинг продуктусу эмес экенин бул матчта далилдегенин айтты.

Ал эми PSGнин эски жылдызы, Француз лигасынын эң мыкты бомбардири Ибрагимович бул оюнда да 2 гол киргизди.

Тагыраак болсок, Бэкхемдин дебюту жекшембиде ушул эле эки команда өлкө чемпионатынын алкагында беттешкенде болгон. Бирок анда Англия улуттук командасынын мурдагы капитаны акыркы бир нече мүнөт гана ойногон. Анда да париждиктер 2-0 эсеби менен уткан.

Франция лигасынын алдыңкы бул эки клубунун жолугушууларын ар дайым кызыгуу менен көрүшөт. Ал матчтарды el clasico деп атаса да болот.

Ал эми чыныгы el clasico – бул Испаниянын "Реал Мадрид" жана Каталониянын "Барселона" клубдарынын таймаштары. Эки аймактын эзелтен бери уланып келаткан атаандаштыгы саясат, экономика, тарыхтын чегинен ашып өтүп, футболдо да өзгөчө күчтүү болуп калган. Чөлкөмдүн улутчул лидерлери "Барса" Каталониянын желеги астында ойношу керек деген талабын коюшууда. Мындай апаздар өзгөчө былтыр күзүндө регионалдык шайлоодо улутчулдар жеңгенден кийин көбүрөөк айтыла баштады.

Клуб гимнинин сөздөрү да каталон тилинде жазылган.

Шейшембиде "Мадрид" менен "Барселона" Copa del Rey же Падышанын кубогу үчүн жарым финалда беттешип, "Барселона" утулуп калды. Ошентип каталониялыктар кубокту жеңүү мүмкүнчүлүгүнөн кол жууп калды.

XV кылымда Арагон падышасы Фердинанд Кастилия канышасы Изабеллага үйлөнгөндө Каталония Испаниянын бир бөлүгү болуп калган. Бирок каталондор өздөрүн эзелтеден эле испан деп эсептешпейт. Жикчил маанайды Франконун диктатурасы маалында каталондорду басмырлоо аракеттерин да күчөтүп жиберген.

Каталониянын мыйзамдарына ылайык, мугалимдер, доктурлар жана коомдук тейлөө тармагында иштегендер испан тили менен катар каталон тилин да билүүгө милдеттүү.

Футболго кайтсак, "Мадрид" өз клубуна 1902-жылы ээ болгон. Бир нече жылдан кийин ага Падышалык деген наам берилип, ошондон бери "Реал Мадрид" деп аталып калган.

Каталон борборунда болсо футбол боюнча профессионалдуу клуб 3 жылдан кийин гана пайда болгон. Анын негиздөөчүсү Жоан Гампер "Барселона" деп, ага баш калаанын атын ыйгарган.

"Барселона" "Реал Мадридди" жеңгенден кийин, 9-декабрь, 2008-жыл
"Барселона" "Реал Мадридди" жеңгенден кийин, 9-декабрь, 2008-жыл
Эки команданын атаандаштыгы 1950-жылдары өзгөчө байкалып турду. Кийинчирээк ал бүтүндөй Европанын деңгээлине чыкты. "Реал" менен "Барселона" 1960-жылы Чемпиондор кубогунда беттештип, мадрдиддиктер жеңген. Ошол жылы "Реал" кубокту алган. Кийинки жылы болсо "Барселона" "Реалды" утуп, бирок финалда "Бенфикага" жыдып калган.

Ошондон бери футбол талаасынын чегинен эбак чыгып кеткен атаандаштык барган сайын тереңдөөдө.

Эки клубда тең дүйнөнүн эң мыкты футболисттери ойноп, эң мыкты машыктыруучулар тартылып жүрөт. Ошол эле маалда кечээ эле атаандаштар үчүн ойногон спортчулар эртеси каршы тарапка барып кошулган учурлар көп эле болгон.

"Реал Мадрид" жеңишин белгилөөдө, 20-апрель, 2011-жыл
"Реал Мадрид" жеңишин белгилөөдө, 20-апрель, 2011-жыл
Алсак, Бернд Шустер, Микаэл Лаудруп, Луиш Фигу эки клубда тең ойногон.

Азыркы жылдыздарды алсак, эң чоң тирешүү "Барсанын" курамындагы аргентиналык Месси менен "Реалдын" португалиялык чабуулчусу Криштиан Роналдунун ортосунда жүрүүдө.

Месси la Liga же Испания чемпионатында голдор боюнча рекорд койгону менен, акыркы оюнда 2 топ киргизген "Роналдонун" клубу ал беттешүүнү 3-1 эсеби менен жеңип, финалга чыкты. Балким, Роналдо бир аз болсо да атаандашынан реванш алгансыды.

Бүгүн кечинде болсо эки клуб кайрадан, бул ирет өлкө чемпиондугу үчүн таймашта жолугушат.
XS
SM
MD
LG