Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
30-Март, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:31

АКШда карыз боюнча мунаса табылышына аз калды


Гарри Рейд
Гарри Рейд
Кечээ Демократиялык жана Республикалык партиялардын лидерлери бул боюнча чукул жыйын өткөрүштү. Сенаттагы демократиялык көпчүлүктүн лидери Гарри Рейд “компромисс жакын арада табылаарына ишенээрин” айтты. Сенаттагы республикачылдардын лидери Митч Макконнелл да “келишимге аз калды” деди. Непада 2-августка чейин тараптар бир тыянакка келише албаса, бюджеттин чыгымын кыскартып, карыздын чегин көтөрүү боюнча келишим кабыл алынбай калса, АКШ дефолт жарыялаганга мажбур болот. Аналитиктер мунун кесепети дүйнөлүк экономика үчүн да оор болоорун айтышууда.

XS
SM
MD
LG