Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:34

Сирия: жаңылыш сокку келишимди коркунучка кептеди


Сирия
Сирия

Сирияда ок атууну токтотуу келишими бузулганы калды. 12-сентябрда кол коюлган макулдашууга ылайык, Вашингтон жана Москванын Сирияда террордук топторго каршы күрөштө кызматташуусуна жол ачылып жаткан. Бирок АКШнын Сириянын өкмөттүк күчтөрүн жаңылыш бомбалоосу эки ортодогу мамилени чыңалтты.

Кошмо Штаттардын мамлекеттик катчысы Жон Керри менен Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров көптөгөн сүйлөшүүлөрдөн кийин Сирияда террордук топторго каршы күрөштө кызматташуу боюнча келишимге жетишип, ал 12-сентябрдан тарта күчкө кирери кабарланган. Бирок көп узабай эле эки тарап келишимди аткарбай жатат деп бири-бирин айыптап чыкты.

Орусия АКШ көзөмөлдөгөн куралдуу оппозиция өкүлдөрү ок атууну токтотпогонун айтса, экинчи тарап гуманитардык жардам жеткирүүгө жолдор ачылбай жатканын айыптаган.

Мына ушундай ыйкы-тыйкыга карабай негизинен сакталып келаткан келишимге 17-сентябрдагы АКШнын Дейр ал-Зор провинциясында абадан соккусу өтө олуттуу коркунуч жаратканы кабарланды. Ал күнү АКШ баштаган коалициялык күчтөрдүн учактары урган сокку Сириянын өкмөттүк күчтөрүнө тийип, андан кеминде 62 аскер өлүп, 100дүн тегерегинде жарадар болгону кабарланган.

Орусия бул окуяга байланыштуу Бириккен Улуттар уюмунун Коопсуздук кеңешинин чукул жыйынын чакырды. Анда Орусиянын БУУдагы өкүлү Виталий Чуркин менен АКШнын элчиси Саманта Пауэр кайым айтыша кетти. Орус тарап АКШнын Сирия аскерлерин бомбалоосу “Ислам мамлекети” террордук тобунун чабуулга өтүшүнө алып келди деп сындады.

Сириянын Бириккен Улуттар уюмундагы элчиси Башал ал-Жафари АКШнын соккусу "Ислам мамлекетинин" чабуулу менен коштолду деди:

- 17-сентябрда Дейр ал-Зорду бомбалашты. Алар Сирия күчтөрүнүн позициясына сокку ургандан кийин "Ислам мамлекети" тобунун террорчулары чабуулга өтүп, ал жерди көзөмөлүнө алышты.

Сирия бийлиги бул сокку менен АКШ “Ислам мамлекети” аталган террордук топко колдоо көрсөттү деп айыптады.

АКШнын БУУдагы өкүлү Саманта Пауэр Кошмо Штаттар катачылык менен Сирия аскерлерин бомбалап алганын билдирип, Москваны жана Сирия бийлигин карапайым адамдарды буга чейинки бомбалоосун эске алууга чакырды:

- Мына ошол бир сокку жаңылыштык менен Сирия режиминин күчтөрүнө тийсе, биз аны моюнга алып, иликтөө жүргүзүү милдетин алдык. Асад режими же Орусия соккуларынан тынч жарандар набыт болгондо бир да андай болгон эмес. Азыр мына Орусия Коопсуздук кеңешинин чукул жыйынын чакырып, бул жерде нааразылыгын билдирип жатат. Эми элестетип көрүңүздөр, Сирия режими же Орусиянын ар бир оорукана, мектеп же нан бышырган комбинатты бомбалоосу боюнча Коопсуздук кеңештин жыйынын чакыра турган болсок, анда нече жолу жыйын чакырмак элек? Жалбырак жеп жан баккан балдарга гуманитардык жардам жеткирүүгө, күн сайын өлүп жаткан адамдарга дары-дармек жеткирүүгө тоскоолдук кылуу боюнча канча жыйын чакырмакпыз?

Алеппо шаары
Алеппо шаары

17-сентябрдагы Сирия аскерлерине урулган соккуга Австралиянын учактары да катышканы маалым болду. Австралиянын өкмөт башчысы Малколм Терн бул жаңылыш иш үчүн өкүнүч билдирди:

- Бул окуяга Австралиянын учактары аралашканын мен тастыктайм. Орусиянын командачылыгы сокку Сириянын өкмөттүк күчтөрүнө тийгенин кабарлар замат ал токтотулду. Австралия учактары коалициянын алкагында ага тартылган эле. Биз адамдардын өлүмү жана Сирия кызматкерлеринин жабыркашы үчүн өкүнүчтөбүз. Ал окуя боюнча ушуну айта алам.

17-сентябрдагы бомбалоодон кийинки күнү Алепподогу оппозициялык күчтөр көзөмөлдөгөн аймактарга сокку урула баштаганы кабарланды. Мына ушул окуялардын тизмеги Сирия боюнча келишимге коркунуч туудуруп, ал бузулуу алдында экенин эксперттер айта баштады. Келишим бузулса, ошол эле Алепподогу камалоодо жаткан 250 миңдей адамга гуманитардык жардам жеткирүү үзгүлтүккө учурары эскертилген.

  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG