Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:03

Алеппо азаптын чеңгелинде калды


Урандыга айланган Алеппо шаары
Урандыга айланган Алеппо шаары

Сириянын өкмөттүк армиясы байистүү оппозиция күчтөрүн ок атышууну токтотуп, курчоодо калган Алеппо шаарынан чыгып кетүүгө чакырды.

2-октябрда Сирия армиясынын башкы командачылыгы жасаган чакырык Орусия менен Сириянын учактары шаардагы козголоңчулардын болжолдуу уюктарына ондон ашык аба соккуларын урган соң жасалды.

Ушул тапта калаанын байистүү оппозиция көзөмөлдөп турган бөлүгүндө 250 миңдей адам бар экени айтылууда.

Мамлекеттик САНА маалымат агенттиги тараткан билдирүүдө, Алепподогу козголоңчулар өз позициясынан баш тартып, жай тургундарга жашоосун улантканга мүмкүнчүлүк берүүсү керектиги айтылат.

“Орусия жана Сирия армиясы оппозициялык күчтөрдүн коопсуздугун камсыздап берүүгө жана керектүү жардам көрсөтүүгө даяр” деп айтылат билдирүүдө. Мындай чакырык ушул жылдын июль айында да жасалган, бирок анда козголоңчулар кулак салган эмес.

Алеппо
Алеппо

Улуттар Уюумунун баш катчысынын гуманитардык жардам боюнча орун басары Стефан О’Брайан Сириядагы эң ири шаарлардын бириндеги чабуулду токтотуу үчүн эл аралык коомчулукту кийлигишүүгө чакырды.

Эл аралык уюмдун жогорку даражалуу өкүлү 2-октябрда жасаган билдирүүсүндө Алепподогу кырдаалды “бул жашоодогу тозок” деп сыпаттады. Алеппонун калкы азык-түлүксүз, суусуз, электр энергиясыз жана медициналык жардамсыз калганын кошумчалаган О’Браян соңку эки күндөгү шаардын Халеб районундагы жардыруулар жергиликтүү калкты адам чыдагыс жапайычылыктын эң жогорку деңгээлине жеткиргенин айтты.

Британиянын тышкы иштер министри Борис Жонсон 2-октябрда Бирмингемде сүйлөгөн сөзүндө Сирия менен Орусияны кескин сынга алды:

- Сирия президенти Башар Асаддын Орусиянын жардамы менен Алеппонун тургундарына көрсөтүп жаткан кордугу согуш кылмышына барабар. Анткени алар оорукана экенин билип туруп, дал ошол жерлерге сокку урган. Бул нерсе тынчтык сүйлөшүүлөрүнүн уланышына жана 2015-жылды Европаны каптаган миграция кризисинин жаңыланып, тереңдешине алып келет. Ошондой эле “Ислам мамлекети” экстремисттик тобунун мыкаачылыгы Жакынкы Чыгышты каптап, Германия, Франция, Белгияга да жеткенин, биздин мамлекетке да коркунуч жаратып жатканын көрүп жатабыз, - деди Борис Жонсон.

Ал тапта Алепподогу куралдуу кагылыш уланууда...

Лондондо жайгашкан Сириядагы адам укуктарын көзөмөлдөгөн уюмдун билдирүүсүнө караганда, соңку эки күндө Алеппонун бир нече бөлүгүндө козголоңчулар менен өкмөттүк күчтөрдүн ортосунда бир нече чабуулдар катталган.

Борбор кошумчалагандай, орус учактарынын аба соккулары режимдин күчтөрүнө шаардын түндүк тарабындагы Ал-Хелук районунда өз турумдарын бекемдешин камсыздап берди.

Алеппо
Алеппо

Евробиримдик 2-октябрда Брюсселде Улуттар Уюму менен биргеликте гуманитардык жардам боюнча эки жаңы планды сунуштады. Бардык тараптардын кызматташуусун талап кылган бул план курчоодо калган шаардын өкмөттүк күчтөрү көзөмөлдөгөн бөлүгүнө суу, дары-дармек жана азык-түлүк жеткирүүнү көздөйт. Ал жакта 130 миң адам бар. Ал эми козголоңчулар карамагындагы Алеппонун чыгыш бөлүгүндөгү жүз миңден ашуун тургундарды башка жакка көчүрүү зарыл. Бул планды Улуттар Уюмунун Сирия боюнча атайын өкүлү Стеффан де Мистура дүйшөмбүдө Женевада ырастады:

- Өзүңөр билгендей Сириядагы куралдуу согушту токтотуу максатында жолугушуулар тынымсыз өтүп жатат. Ушул маалда да бир катар сүйлөшүүлөр жүрүүдө. Бирок гуманитардык жардам жеткирүү азыркы учурда баарыбыз үчүн маанилүү. Биз калктын бир бөлүгүн башка жакка көчүрүп, экинчи бөлүгүнө жардам жеткиришибиз керек. Бирок бул нерселер аба соккулары токтогондо гана ишке ашат.

Козголоңчулар жана гуманитардык уюмдардын кызматкерлери Сирия менен Орусияны 30-сентябрда Алепподогу башкы ооруканалардын бирине урулган соккулар үчүн айыпташууда. Москва бул айыптоолорду четке кагып келет.

Орусия өткөн жылдын 30-сентябрында Сирия президенти Башар Асадга көмөк көрсөтүп, аба чабуулдарын баштаган. Орусиядан тышкары Асадды Ирандын армиясы жана Ливан менен Ирактын шиит согушкерлери да колдоп келишет.

Сириядагы алты жылга аяк баскан куралдуу кагылыш 250 миңден ашуун адамдын өмүрүн алды. 11 миллиондой адам үй-жайын таштап бозгун болуп кетүүгө аргасыз болгон.

XS
SM
MD
LG