Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:08

АКШнын атайын кызматы Трамптын миграциялык буйругун сындады


Дональд Трамп
Дональд Трамп

АКШнын ички коопсуздук министрлиги жети өлкөнүн жарандарын АКШ аймагына киргизбөө тууралуу президент Дональд Трамптын буйругун "майнаптуу эмес" деп атады.

Associated Press маалымдагандай, Ак үй атайын кызматка өлкө башчысы тарабынан киргизилген чараны баалап берүү үчүн кайрылган. Анын алкагында министрлик баяндама даярдап, “жөнөкөй жарандарды террорчуларга теңөө болбой турганы” айтылат.

АКШнын ички коопсуздук министрлигинин маалымат катчысы Жиллиан Кристенсен баяндаманы камтыган документ бар экенин ырастап, ошол эле учурда ага саясий боёк берүү болбойт деди.

Дональд Трамп президенттик кызматка киришкенден кийин, Ирак, Сирия, Иран, Ливия, Сомали, Судан жана Йемен өлкөлөрүнүн жарандарына АКШга кирүүгө убактылуу тыюу салган. Натыйжада 100 миңдеген визаны жокко чыгып, көптөгөн нааразылыктар башталган.

Көп өтпөй АКШнын федералдык соту Трамптын буйругун жокко чыгарган. Азырынча администрация соттун чечимин талаша элек, бирок Трамп жаңы миграциялык буйрук чыгарарын билдирген. (SDz)

XS
SM
MD
LG