Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:33

АКШнын Демократиялык партиясына жаңы жетекчи келди


Кошмо Штаттардын мурдагы Эмгек министри Том Перес Демократиялык партиянын Улуттук комитетине башчы болуп шайланды. Бул тууралуу Демократтардын курултайында маалым болду. Ага партияны жетектөө тапшырмасы Хиллари Клинтон былтыркы президенттик шайлоодо жеңилгенден кийинки учурга туш келди.

Переске 450 адамдын 235и добуш берди. Анын негизги атаандашы конгрессмен Кит Эллисон либерал демократтарга ишенип жаткан.

Том Перес Доминика Республикасынан келген мигранттын баласы. Партиялаштарынын алдында ал демократтарды реформалар күтүп жатканын айтып, Дональд Трамп тарабынан кабыл алынган чараларга каршы күрөшөрүн билдирди. (SDz)

XS
SM
MD
LG