Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:31

Өзбекстан: президенттик шайлоонун жыйынтыгы бүгүн жарыяланат


Өзбекстандагы добуш берүү.
Өзбекстандагы добуш берүү.

Өлкөнүн шайлоо комиссиясынын билдирүүсүнө караганда, 4-декабрда өткөрүлгөн президенттик шайлоонун алдын ала жыйынтыктары 5-декабрда Ташкен убактысы боюнча саат 16:00дө жарыяланат. Өзбекстандын Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Мирза-Улукбек Абдусаламовдун айтымында, добуш берүүгө шайлоочулардын 87.83% катышты. Бул 20 миллиондой шайлоочунун 18 миллионго жакыны катышканын билдирет. 2003-жылдан бери Өзбекстан өкмөтүн башкарып келе жаткан Шавкат Мирзиеёвдун шайлоодо жеңишке жетишкени айтылууда.

59 жаштагы Мирзиеев Ислам Каримов көз жумгандан кийин мамлекет башчынын милдетин да аткарып калган. Ал шайлоо өнөктүгү учурунда Ислам Каримовдун саясатын улантарын билдирген. Андан башка Элдик демократиялык партиядан Хатамжон Кетманов, Улуттук кайра жаралуу партиясынан Сарвар Отамуратов жана "Адолат" партиясынан Нариман Умаров талапкер катары шайлоого катышты. (AiT)

XS
SM
MD
LG