Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:35

Пан Ги Мун Сирия өкмөтүн кызматташууга үндөдү


Улуттар Уюмунун баш катчысы Пан Ги Мун Сирия өкмөтүнөн химиялык куралдын колдонулганын тезинен биргелешип иликтөөнү талап кылууда.

Баш катчы Пан Ги Мун өз билдирүүсүн Түштүк Кореяга жасаган сапары учурунда айтты:

- Эгерде химиялык курал кайсы жерде, ким тарабынан, кандай жагдайларда болбосун колдонулса, бул эл аралык укукту бузат. Адамзатка каршы мындай кылмыш жасаган адам олуттуу жазаланышы керек.

Улуттар Уюмунун химиялык куралды изилдөөчү инспекторлору Сирияга жекшемби күнү келишти. Буга чейин оппозиция менен өкмөт бири-бирин химиялык курал колдонду деп айыпташкан.

Оппозиция ушул жумада шаардын айланасындагы конуштарда өкмөттүк аскерлер химиялык курал колдонуп, андан жүздөгөн адамдар өлдү деп билдирген. Айрым кабарларда курмандыктардын саны 136 деп айтылууда. Оппозиция болсо өлгөндөрдүн саны 1300гө жетет дейт. Көз карандысыз тараптар азырынча так маалымат бере элек.

АКШ химиялык курал колдонулганбы же жокпу так айтууга мүмкүн болбой жатканын билдирди. АКШнын Мамлекеттик департаментинин маалымат катчысы Жан Псаки америкалык бийликтер шаршемби күнү химиялык куралдын чабуулдарда колдонулгандыгын тактоо боюнча бардык аракеттерди жумшап жатканын айтты.

Псакинин айтымында, президент Барак Обама АКШнын чалгын кызматына бул маалыматты тактоого көмөктөшүүгө тапшырма берди.

Чарльз Дульфер 2003-жылы АКШ Иракка кирген соң массалык жок кылуучу куралдын колдонулушун иликтегендердин бири. Ал шаршембидеги видеолорду көрүп, мындай деди:

- Видеодон каттуу чабуул болгондугу көрүнүп турат жана видео монтаждалган эмес. Тасмадагы адамдар да реалдуу. Айрымдар Орусиянын тышкы иштер министрине окшоп, бул атайын даярдалган видео деши мүмкүн, бирок ал ынандарбайт.

Ал арада Улуттар Уюму Сириядагы жарандык согуштан улам качкан балдардын саны бир миллионго жеткенин маалымдады.

БУУнун балдар фонду (ЮНИСЕФ), качкындар агенттиги (UNHCR) жума күнү дагы эки миллион өспүрүм өз үйүн таштоого мажбур болгонун кабарлады.

14 жаштагы Ахмед Дараа шаарынан.

- Менин агам өлтүрүлдү, эжем мээсинен жараат алды. Мен биринчи эжемди алып келе албайбыз деп ойлогом. Бирок агамдын денеси менен эжемди ооруканага алып келдик. Биз аны бул жерде көмдүк. Эжем кайра басууну үйрөнүп жатат. Мен кайсы бир күнү үйүбүзгө кайтабыз деп үмүттөнөм.

Сириядагы согуш башталгандан бери эки жылдын аралыгында 2 миллионго жакын адам өлкөдөн качкан. Көбунчө балдар чабуулга дуушар болуп же согушта күч катары колдонулууда. 740 миң сириялык качкындар жашы 11ге чыга элек балдар болуп саналат.

Сириядан качкандардын көбү Түркия, Ливия, Ирак, Иордания жана Түндүк Африкада байырлоодо.
  • 16x9 Image

    Аида Касымалиева

    Азаттык+ телепрограммасынын алып баруучусу, продюсери (2005-2009), Москвадагы кабарчысы (2011). 2012-жылы "Москвада калган ый" даректүү тасмасы "Бир дүйнө" кинофестивалында "Ачылыш" наамына татыган. Бишкек гуманитардык университетинин журналистика бөлүмүн 2005-жылы аяктаган.

XS
SM
MD
LG