Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:42

Британ элчиси орус сотунун чечимине тынчсызданды


Екатерина II Крымдагы айкели.
Екатерина II Крымдагы айкели.

Британиянын Украинадагы элчиси Жудит Коф Орусиянын Жогорку Сотунун крым татарларынын межилиси боюнча чечимине тынчсыздануу билдирип чыкты.

Орус соту 29-сентябрда Межилисти экстремисттик уюм деп тааныган Крым судьяларынын өкүмүн күчүндө калтырган. Британ элчиси Орусияны адам укуктарын урматоого чакырды. Жума күнү Украинанын Тышкы иштер министрлиги да кескин билдирүү менен чыгып, Крымдагы татарлардын жогорку органына тыюу салынышын ачык маскаралоо деп атаган.

Орусия Крым жарым аралын 2014-жылы аннексиялагандан кийин көптөгөн татарлар аймактан чыгып кетти. (KKs)

XS
SM
MD
LG