Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:09

БУУ Сирия кризисин талкуулады


Сирия
Сирия

Вашингтон Сирия боюнча Москва менен мындан ары иштешпей турганын билдиргенден кийин БУУнун Коопсуздук кеңеши ок атышууну токтотуу келишимин сактап калууга аракет көрдү. Бирок Орусия ал резолюция долбоорун дароо четке какты.

Франция жана Испания Коопсуздук кеңешине Алеппо шаарын бомбалоону токтотууну көздөгөн документти сунуш кылган, бирок Орусия эми “иштешүүгө мүмкүнчүлүк жок” деп жооп берди.

БУУнун Сирия боюнча чабарманы Стеффан де Мистура Вашингтон менен Москванын дипломатиялык аракеттеринен майнап чыкпаганына камтамасын билдирип, тынчтык орнотуу үчүн саясий чечим табуу, Сирия элин соңку жаңжалдардан куткаруу жолунан жазбай турганын айтты.

Сириянын экинчи ири шаары, бир кездери экономикалык борбору катары таанылган Алеппо акыркы күндөрдө аба соккуларына дуушар болуп келе жатат.

Франциянын БУУдагы элчиси Франсуа Делатр Алепподогу кыргынга чекит коюу үчүн Коопсуздук кеңеши биригүүгө тийиш деп билдирди. Бирок октябрь айында кеңешке төрагалык кылган Орусиянын өкүлү Виталий Чуркин ал боюнча дароо каршы пикирин айтты.

- Авиацияны токтотуп коюп, жердеги террорчуларга каалаганын кылууга жол ачуу анча жакшы сунуштай көрүнбөйт, - деди Чуркин.

Виталий Чуркин.
Виталий Чуркин.

Сентябрдын ортосунда АКШ жана Орусиянын ортомчулугу менен жетишилген жарашуу макулдашуусу үзгүлтүккө учурагандан кийин тараптар бири-бирин айыптап келет. Сирия армиясы менен орус авиациясынын Алеппонун козголоңчулардын колундагы бөлүгүнө чабуул коюшун Батыш кыргын, согуш кылмышы деп атоодо.

Резолюция долбоорунда Сирия өкмөтү бомбалоону токтотуп, камоодо калган 250 миңдей кишиге гуманитардык жардам жеткирүүгө мүмкүнчүлүк берилиши керек деген талап коюлган.

Дүйшөмбү күнү Кошмо Штаттар Сирия жаңжалын жөнгө салууда Орусия менен кызматташууну токтотуп жатканын жарыялаган. Ошондой эле Москваны ок чыгарбоо режими боюнча келишимде каралган милдеттенмелерин аткарбай жатат деп айыптаган.

- Обаманын администрациясынын Орусия ок атышууну токтотуу боюнча сүйлөшүүлөрдө жетишилген макулдашууларды аткарбасына көзү жетти. Өзүңөр түшүнүп тургандай, мындан ары сүйлөшүү маанисиз. Бул чечимди кабыл алуу өтө татаал болду. Бирок аны ар тараптан таразаладык. Асад режимине кысым көргөзүүгө багытталган кадамыбыз максаттарыбызга төп келет. Биз альтернативалуу жол табууну көздөйбүз, - деди Ак үйдүн маалымат катчысы Жош Эрнест.

Жош Эрнест.
Жош Эрнест.

Өткөн жумада Мамлекеттик департамент сүйлөшүүлөрдүн бир нече айлампасынан кийин Вашингтон Москва менен Сирия боюнча сүйлөшүүлөрдү үзүүгө жакындаганын эскерткен.

Маалыматка караганда, акыркы жолу эки өлкөнүн тышкы мекеме жетекчилери өткөн ишембиде телефондон сүйлөшкөн.

Мамлекеттик департамент пикир келишпестиктерге карабай, апта соңунда жогорку даражалуу дипломат Крым боюнча сүйлөшүү жүргүзүү үчүн Москвага аттанаарын билдирди.

Тараптардын аскерий адистери ошондой эле Сириянын аба мейкиндигинде кырсыктардын алдын алуу боюнча кызматташтыкты улантууда. Ошол эле маалда үзгүлтүккө учураган жарашуу келишими боюнча Орусия менен иштеше турган дипломаттар артка чакыртылды.

Москва болсо Вашингтондун бул кадамына өкүнгөнүн билдирди.

"АКШ өзүнө алган милдеттенмелерди аткара албай, эми жоопкерчиликти Орусияга жүктөөгө аракеттенүүдө" деп комментарийледи орус Тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы Мария Захарова.

Москва АКШ администрациясы кызматташууну улантуу үчүн негизги шартты – байистүү оппозиция менен террорчуларды айырмалоону аткара албай жатат деп эсептейт.

Орусия Сириядагы аскердик операцияны туура бир жыл мурун баштаган. Расмий түрдө орус авиациясы "Ислам мамлекети" жана "Ал-Нусра фронту" экстремисттик уюмдарына каршы күрөшкө тартылат деп айтылган. Бирок батыш жана араб өлкөлөрү Москва Дамаск режимин колдоону гана көздөйт деп айтып келе жатат.

Алеппонун тургундары.
Алеппонун тургундары.

Укук коргоочулар орус учактарынын аба соккуларынан миңдеген киши, анын ичинде жайкын тургундар каза тапканын, көп учурда бомбалар оорукана жана башка жарандык жайларга тийип жатканын айтып келишет.

XS
SM
MD
LG