Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:39

Коомдук тартипти бузгандарга жаза күчөтүлдү


Бишкек
Бишкек

Президент Алмазбек Атамбаев өзгөртүүлөр киргизилген административдик жоопкерчилик боюнча кодекске кол койду. Бул тууралуу өлкө башчысынын маалымат кызматынан кабарлашты.

Мыйзам коомдогу адептүү жүрүш-турушту калыптандыруу, жаштардын тартибин жакшыртуу максатын көздөйт. Ага ылайык, коомдук жайларда ичимдик ичкен, баңгизат колдонгон жана коомдук баалуулуктарга сыйбаган көрүнүштөрдү жасаган адамдарга айыппулдун суммасы көбөйтүлөт.

Аталган мыйзамды Жогорку Кеңеш былтыр жыл аягында кабыл алган.(BkA)

XS
SM
MD
LG