Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:52

Азербайжан Европарламенттин үч депутатына издөө салды


Яромир Штетина
Яромир Штетина

Азербайжан “өлкөнүн оккупацияланган аймактарына бир канча ирет кирген” деп Европарламенттин үч депутатына эл аралык издөө жарыялады.

Сөз люксембургдук Франке Энгел, кипрлик Елена Теохарус, чехиялык Яромир Штетина жөнүндө жүрүүдө. Ал эми оккупацияланган аймак деп Тоолуу Карабак эске алынууда. Бул депутаттар дүйшөмбүдө андагы референдумга байкоочу катары келген.

Өзүн Тоолуу Карабак республикасы деп атаган бул чөлкөм 20-февралда Конституциясын өзгөртүп, атын Арцах Республикасы деп өзгөрткөн.

“Референдум” делген бул иш-чараны Азербайжан да, АКШ, Орусия, Франция кирген ЕККУнун Минск тобу да тааныган эмес.

XS
SM
MD
LG