Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:05

БУУ: Сириядагы согуш чоң алаамат болду


Сириядагы согуш 320 миңден ашуун адам курман болду.
Сириядагы согуш 320 миңден ашуун адам курман болду.

Сирия жаңжалы Экинчи дүйнөлүк согуштан берки адамзат башынан өткөргөн эң чоң алаамат. Мындай билдирүүнү Улуттар Уюмунун адам укуктары боюнча Жогорку комиссары Зейд Раад ал-Хусейн 14-мартта жасаган баяндамасында айтты.

Сириядагы жарандык согушка быйыл туура алты жыл толду. 2011-жылдын март айында "Араб жазынын" шарданы менен башталган бийликке каршы акциялар ири жаңжалга айланып, жарандык согуштун тутанышына түрткү болду.

14-мартта жасаган билдирүүсүндө Улуттар Уюмунун адам укуктары боюнча Жогорку комиссары Зейд Раад ал-Хусейн Сириядагы согушту Экинчи дүйнөлүк согуштан берки адамзат башына түшкөн эң чоң алаамат деп айтты:

- Учурда бүтүндөй өлкө кыйноолордун камерасына, болуп көрбөгөндөй жапайычылыктын жана адилетсиздиктин чордонуна айланды. Быйыл жети жылга аяк баскан бул жаңжал Экинчи дүйнөлүк согуштан берки адамзат баштан кечирген эң чоң ааламат.

Зейд Раад ал-Хусейн Сирияда сансыз адамдар себепсиз кармалып, кыйноолорго дуушар болушканын, айрымдары уурдалган бойдон дайынсыз жоголушканын кошумчалады.

Улуттар уюму шейшембиде Сириядагы согуштун алты жылдыгына карата атайын комиссиянын иликтөөсүн жарыялады. Баяндамада өткөн жылдын соңунда Сирияда бир нече аскерий кылмышка барабар чабуулдар катталганы жазылган. Анда 2016-жылдын декабрь айында Сириянын өкмөттүк авиациясы баш калаа Дамасктын суу менен камсыздоочу жайларын бомбалап, беш жарым миллиондой адамды суусуз калтырганы белгиленген.

Анда тышкары ушул эле өкмөттүк авиация өткөн жылдын октябрь айында Идлиб провинциясындагы мектепке абадан кол салганы баяндамада белгиленген. Расмий Дамаск бул айыптоолорду четке кагууда.

Улуттар Уюмунун комиссиясы өз докладында Сириядагы оппозиция күчтөрүн да айыптаган. Тактап айтканда куралдуу оппозициянын башаламан чабуулдары ондогон жайкын тургундардын өлүмүнө алып келгени жазылат.

Бир күн мурда БУУнун Балдар фонду (ЮНИСЕФ) өткөн жылы Сирияда 650дөн ашуун бала курман болгонун маалымдаган. Бул сан жаңжал башталгандан берки эң жогорку көрсөткүч болгонун уюмдун өкүлү Бутин Геневеев айтты:

- Сириядагы башкы көйгөй бул жаңжалдагы тараптар согуштун негизги эрежелерин сактабай жаткандыгында. Алардын башаламан атышууларынан балдар запкы көрүп жатышат. Албетте биз согуштун аякташын каалайбыз. Балдар балалык доорун сүрүп, мектепке барышы керек. Ошол эле учурда биз жаңжалдын бардык активдүү катышуучуларын жана жанжалга тиешеси бар тараптарды башаламан атышууларды токтотуу үчүн ыкчам чараларды көрүүгө чакырабыз.

Согуштан запкы жеген сириялык балдар.
Согуштан запкы жеген сириялык балдар.

2011-жылдан бери 320 миңден ашуун адамдын өмүрүн алган бул жаңжалды жайгаруу аракеттери дагы дале уланууда. Шейшембиде Казакстандын баш калаасы Астанада башталган кезектеги сүйлөшүүлөрдүн айлампасына Сирия оппозициячыл топтор катышкан жок. Алар Сириянын өкмөттүк күчтөрү жана Орусия декабрда жетишилген ок атышпоо режимин сактабай жатышынан улам жолугушуудан баш тартканын түшүндүрүштү.

Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров оппозициячыл топтордун бул билдирүүсү алар үчүн күтүүсүз болгонун айтты:

- Куралдуу оппозиция топторунун позициясы эмнеге күтүүсүздөн өзгөрүп кеткенин териштирип жатабыз. Кечээ мен кесиптешим, Түркиянын тышкы иштер министри Мевлют Чавышоглу менен сүйлөштүм. Орусиянын Коргоо министрлиги өз каналдары жана түрк кесиптештердин жардамы менен куралдуу оппозиция топтору менен түз байланышууга аракет кылышууда.

Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров.
Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров.

14-мартта башталган Казакстандын борборундагы жолугушуу Сирия сүйлөшүүлөрүнүн 3-раунду. Орусия, Түркия жана Ирандын демилгеси менен өтүп жаткан бул жолугушуулардын алгачкы эки айлампасы эч майнапсыз аяктаган. Өткөн жылдын декабрь айынын аягында Орусия менен Түркия кепил болуп, ок атышпоо келишими жетишилген. Тынчтык режими андан бери үзүл-кесил сакталууда.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG