Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:57

Канаттуу машине сатыкка чыгат


Учуучу машине абада 320 километр саат ылдамдыкта учат.
Учуучу машине абада 320 километр саат ылдамдыкта учат.

Он жылдан кийин АКШда учуучу автомобиль сатыла баштайт. Куштар криптоккоз менен оорушпайт. Шаар туругундарына жаратылышта өмүр сүргөн жана адамдын ден соолугу үчүн маанилүү микробдор жетишпейт. Фейсбукка улам-улам башбагып, кабарларды окуу кокаин сыяктуу эле мээге таасир этет.

АКШда Terrafugia компаниясы учуучу автоунаа жасап жатат. "TF-X™" гибриддик учуучу автомобилдин эки капталында экиден электр кыймылдаткычы жана бүктөлмө канаты болот. Кыймылдаткычтар электрогенератор аркылуу иштейт. Ал 300 аттын кубаты бар мотор менен чиркештирилген. Канаттуу автокөлүк асманга тик өйдө көтөрүлөт. Кайра жерге тигинен конот. Абада 320 километр саат ылдамдыкта учат, күйүүчү майы жана электр кубаты 800 чакырымга жетет. Анын рулун башкаруу үчүн кадимки айдоочунун күбөлүгү жетиштүү. Бирок асманда адашып кетпөө жана аба каттамдарынын эрежесин сактоо үчүн кыска мөөнөттүк учкучтар курсунан окуп алуу зарыл.

Канаттуу автокөлүк 2018-жылы сыноодон өтөт жана 8-12 жылдан кийин сатыкка чыгат. Алгачкы баасы 279 миң доллар болорун беш жыл мурда маалымдалган. (Караңыз: http://www.terrafugia.com)

Куштар криптоккоз менен оорубайт

Көгүчкөндүн жана башка канаттуу куштардын заңында Cryptococcus neoformans деп аталган оору жугузчу микроорганизм болот. Ал адамда жана айбанаттарда жугуштуу криптоккоз оорусун пайда кылышы мүмкүн. Анын эң коркунучтуусу – криптоккоз менингити. Бул дартка көбүнчө ВИЧ - инфекциясын жугузуп алган адамдар чалдыгат. Криптоккоз негизинен борбордук нерв системасын, өпкөнү жана былжырлуу челди иштен чыгарат. Бирок ал адамдан адамга жукпайт. Ал эми куштар криптоккоз менен оорубайт экен. Себеби, куштун иммундук системасы микробду ичеги-карындан эле дароо жок кыла турган касиетке ээ. Же соо организмди коргогон ак кан клеткалары - оору козгогуч бактерияны чоңоё электе өлтүрөт. Бул кубулушту Британиянын Шеффилд жана Бирмингем университеттеринин окумуштуулары аныкташты. Микробиолог Саймон Жонстондун (Simon Johnston) айтышынча, канаттуулардын иммундук системасын билүү, адамдын иммунитетинин реакциясын жакшыртууга жол ачат.

(Маалымат булагы: Scientific Reports).

Шаардыктарда пайдалуу микроорганизмдер аз

Шаар тургундарына жаратылышта өмүр сүргөн жана адамдын ден соолугу үчүн маанилүү бактериялар жетишпейт. АКШ, Бразилия, Перу жана Пуэрто-Риконун илимпоздору Амазонка дарыясынын боюндагы алачык үйлөрдөн тарта чоң шаардагы көп кабаттуу панель үйлөргө чейин изилдеп көрүшкөн. Шаар жериндеги турак үйлөрдө элетке караганда адамдын организминде жашачу табигый микроорганизмдердин аздыгы аныкталган. Илимпоздор кыртышта, сууда жана курт-кумурскалардын организминде кездешчү бактерияларды изилдешкен", - деп айтылат Science Advances Journal сайтындагы макалада.

Шаар-кыштактагы үйлөрдөгү флора адамдын ден соолугуна кандай таасир этери азырынча белгисиз. Бирок буга чейинки изилдөөлөр өнүккөн өлкөлөрдө жаратылыштагы микроорганизмдердин жетишпегени менен аллергия жана аутоиммундук оорулар арасында байланыш барын ырастаган. "Гигиеналык теорияга ылайык, ашкере таза шартта жашоо адамдын иммундук системасынын кадыресе иштөөсүн бузат. Шаарда квартира жакшы желдетилбесе, зыяндуу микроорганизмдердин көбөйүүсүнө шарт түзүлөт", - дешет илимпоздор.

Фейсбук кокаин сыяктуу

Facebooк cоциалдык желесине улам-улам башбагып, кабарларды окуу мээге кокаиндей эле таасир этет. Илимпоздор Фейсбукка көз карандылык психиканы козгоочу жана “сооротуучу" процесстердин бузулганына байланыштуу деп түшүндүрүшөт.

Алар студенттердин интернет дүйнөсүндөгү социалдык желелердеги визуалдык козгогучтарга болгон реакциясын изилдешкен. Мындан улам Фейсбуктагы сүрөттөргө маанайы тез өзгөргөн жаштар интернет-ресурстарга көз каранды экенин аныкташкан. Фейсбуктагы сүрөттөр студенттердин мээсинин бадамга окшош бөлүгүн козголтуп жиберген. Кокаин да баңгинин (наркоман) мээсинде ушундай реакция жаратат. Эксперименттин катышуучулары мониторинг учурунда соцтармактарга көз карандылыгын азайта алышкан. “Бул жакшы кабар оорукчандын жүрүм-турумун дарыласа болорун билдирет”, - дейт Калифорния мамлекеттик университетинин профессору Офир Турел (Ofir Turel) Live Science сайтындагы макалада.

XS
SM
MD
LG