Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 21:03

Сирияга кеткен жихадчылар өз мекенинде эмес, мусулман өлкөлөрүнө баргандан кийин радикалдашып, террористтик уюмдарга кошулуп кеткендиги айтылууда.

Кыргызстандан бир канча киши Сирияга согушка кеткендиги маалым. Борбор Азиянын башка өлкөлөрүнөн да бул өлкөгө аттангандар болуп жатат. Кыргыз бийликтери "Азаттыкка" кыргыз жарандарын Москвада салафист жихадчылар Түркия аркылуу Сирияга жиберип жаткандыгын айтышкан. Аналитиктер да алардын өз мекенинде эмес, мусулман өлкөлөрүнө баргандан кийин, "ал-Каида" менен канаатташ уюмдардын таасирине киришкенин айтышууда.

"Ал-Каида" террордук тобу Сирияга дүйнөнүн булуң-бурчунан согушкерлерди жиберип жатышат. Ошол эле убакта алардын радикалдашуусу "алкаидачылар" активдүү иш алпарган өлкөлөргө баргандан кийин башталат шекилдүү.

"Ранд" корпорациясынын улук кеңешчиси Майкл Женкинс ноябрда АКШнын Конгрессинде билдиргендей, Сирияда азыр 6 миңден 8 миңге чейинки сандагы чет элдик согушуп жатат. Арасында борбор азиялыктардын саны көп эмес.

Сирияда согушуп жүргөн борбор азиялыктар

Сирияда согушуп жүргөн борбор азиялыктар

Вашингтондогу "Жеймстаун" корунун терроризм боюнча изилдөөчүсү Жакоб Зенндин айтымында, "Хизб-ут Тахрир" же "Таблиги жамаат" өңдөнгөн салафист уюмдардын "ал-Каида" менен түздөн түз байланышы болбошу мүмкүн:

– "Хизб-ут Тахрирди" согушкер уюшма деп мүнөздөгөн сөзсүз эле туура эмес. Өкмөттөр аларды күнөөлөгөн менен, "Хизб-ут Тахрирдин" террордук аракеттерди ишке ашыргандыгы айгинеленген деп ырасташ кыйын.

АКШнын Конгрессинде көрсөтмө берген Зенн "Азаттыкка" салафисттер менен радикал жихадисттердин ортосунда айырма бар экендигин белгилейт. Ошол эле убакта ал салафист идеологисы "ал-Каидага" өткөндөрдүн радикалдашуусундагы биринчи баскыч болуп калат.

Сириядагы согушка катышкан аялдар

Сириядагы согушка катышкан аялдар

Зенндин ишениминде, салафисттик идеология Кыргызстан түштүгү сыяктуу жерлерде тарап жатат. Бирок ал борбор азиялыктар Түркия, Перс булуңундагы суннилер басымдуулук кылган өлкөлөр, Ооганстан, Пакистан, ал тургай Орусия сыяктуу мамлекеттерге баргандан кийин радикалдашып кетишет.

Казакстандын Жети-Суу аймагында жашаган Орунбасар Каматаев уулу Нурлан дал ушундай жол менен Сирияга кеткен деп эсептейт. Баласы жумушсуз калгандан кийин Казакстандагы салафисттердин таасирине кабылган. Каматаевдин айтымында, Нурлан Жакынкы Чыгышта салафисттердин жардамы менен иш тапкандан кийин аялын, балдарын ошол жакка көчүрүп кеткен. Кийин аны Сирияда жүргөнүн "ал-Каиданын" видео тасмасынан билишкен.

Аталган видеодогу ондогон башка казак жихадисттер да туугандарына иштейбиз, же диний билим алабыз деп, алгач Түркияга, Сауд Арабияга, же Катарга кетишкен. Алардын радикалдашуусу Казакстандан кеткенден кийин күч алгандыгы байкалган.

"Өзбекстандын Ислам кыймылы" деп аталган уюмдагы салафи жихадисттеринин жолу бир аз башкача. "Азаттыктын" өзбек кызматынын кабарчысы жолуккан Равшан деген салафист 2011-жылга чейин Ооганстан менен Пакистандын талиптер көзөмөлдөгөн Түштүк Вазиристан аймагында согушуп жүргөн. Бирок кийин Пакистандын аскерлери менен ыйык согуш жүргүзгөн туура эмес го, кантсе да пакистандыктар суннилер эмеспи, андан көрө Сириядагы каапыр саналган алавилер менен согушкан туура деп чечкен. Равшанды тез эле Түркияда "ал-Каиданын" "ал-Нусра майданы" өз канатына алган.

Июнда Сириянын Алеппо шаарында замбиректин огунан бутунан ажыраган Равшан Түркияга кайтып келип, өзүн Сирияга жиберген "алкаидачылар" менен байланышта кала берүүдө.

"Өзбекстандын Ислам кыймылынын" дагы башка үч согушкери да "Азаттыкка" Түркияга баргандан кийин аларды "ал-Нусра майданы" аскерге алганын айтышкан. Өздөрүнүн айтымында, алар алды менен Түркиянын Хатай дубанындагы өзбек салафистке туш келишкен. Ал салафист Европадан, Түндүк Америка, Орусиядан жана Борбор Азиядан келечек согушкерлер менен жанында алып жүргөн "Айпад" компьютердик тактасы аркылуу байланышта болуп, аларды Сириядагы согушка барууга үгүттөп жүрөт.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG