Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:39

Шайлоо өнөктүгүнүн жүрүшүндө иммигранттардан баштап Орусия менен алакага чейинки маселелерде Трамптын билдирүүлөрү көпчүлүктү таң калтырды. Ал президент катары элге берген убадаларын аткарабы?

Трамптын иммигранттарга каршы дубал тургузуу убадасы, Путинге болгон “комплименттери” шайлоо өнөктүгүндөгү негизги өзгөчөлүк болду. Трамптын жеңишинен кийин бүткүл дүйнө андан эмне күтөрүн билбей, убадалары канчалык реалдуу экенин аңдай албай башы маң.

Президенттик ыйгарым укук

Конституцияда каралган тең салмактуулук жана кармап туруу механизми менен бекемделген АКШнын системасына ылайык, Трамптын саясатынын ишке ашуусу Конгресске көз каранды. Эгер Трамп убадаларын аткара турган болсо анда ишкерликке салыкты азайтуу, ушак жөнүндөгү мыйзамды өзгөртүү жана Барак Обама баштаган саламаттык сактоо реформасын жокко чыгаруу сыяктуу берген убадаларын аткарууга ниеттенет. Ал үчүн ага мыйзам чыгаруу жана аткаруу бийлигинин колдоосу керек.

Бирок талдоочулар Трамп көптөгөн пландарын президенттик жарлыктары менен оңой эле ишке ашырып коюуга болорун айтышат. Анын үстүнө атайын өткөөл команда бир нече ай бою Трамптын президенттигинин биринчи күнүндө 20-январда кол коюлчу 25ке жакын жарлык даярдаган.

"Президенттин тышкы саясатта ыйгарым укугу эбегейсиз", - дейт Лондондогу стратегиялык изилдөөлөр институтунун АКШнын тышкы саясаты боюнча эксперти Дана Аллин.

“Конгресс Трампты кандайча чектеп турарын элестетүү кыйын. Президент бир топ маселелер, мейли аскерлерди жайгаштыруу же аскердик операция баштоо боюнча түрдүү чечим кабыл ала алат. Андыктан бул жаатта аны эч ким көзөмөлдөй албайт”, - дейт эксперт.

Трамптын шайлоо өнөктүгүндө айтылган көз караштарын талдайбыз.

Орусия жана НАТО

Дональд Трамп Орусия менен достошорун байма-бай айтып келет. Анын ою боюнча эки өлкөнүн кызматташтыгы “Ислам мамлекети” террордук тобунун түбүнө жетүүгө жардам берет. Андыктан Трамп Орусия менен начарлап кеткен алаканы жакшыртарына ишенерин айткан. Ал сентябрь айында Путин менен өтө жакшы мамиле түзүүгө Барак Обамага караганда бат тил табышарын билдирген. Трамптын сынчылары анын мындай ишенимин туура көрүшпөйт, алардын пикиринде, Обама деле президенттикке киришип жатканда Орусия менен мамилени жакшыртууга аракеттенип, атургай биринчи мөөнөтүндө аны “жандандырган”. Трамптын каршылаштары Москванын АКШга жана анын өнөктөштөрүнө багытталган агрессивдүү кадамдарына каршы тура аларынан күмөн санашат.

Трамп Путинге "Обамадан мыкты лидер" деп суктанган. Ал март айында НАТОну “эскирген” уюм катары сыпаттап, эгер альянстын башка мүчөлөрү аскердик чыгымдарды көтөрүп, АКШ алдындагы “милдеттенмелерин аткарбаса” аскердик колдоону токтоторуна убада берген.

Немис кеңешинин алдындагы “АКШ - трансатлантикалык мамиле” программасынын тышкы саясат боюнча эксперти Хеннинг Рикке эгер "АКШ Трамптын бийлиги учурунда “Орусия тарапка оой турган болсо” анда “Европанын коопсуздугу үчүн “түз да, кыйыр да коркунучтар” жаралат. Эгер Трамп НАТОнун ичинде милдеттерди кайра бөлүштүрүү боюнча сүйлөшүүлөрдү баштаса, анда “реалдуулук менен беттешет” дейт",- Рикке.

“Союздаштарды коргоо боюнча милдеттенме - АКШны улуу держава деген атка татыткан негизги позиция”. Орусия болсо Европа коопсуздугуна шек келтирген кандай гана жылчык болбосун колдонуп калууга кызыкдар" дейт Хеннинг Рикке. Анын айтымында, Москва НАТОну жана Евробиримдикти “алсыратып”, Борбор Азияда жана Чыгыш Европада өз “таасирин арттырууга жан үрөйт”, буга Трамп жардам берсе, Путин бактылуу болот.

Ирандын өзөктүк программасы

Трампта Иранга каршы санкцияларды жеңилдетип, анын ордуна өзөктүк программаны кыскартуу боюнча келишимдин шарттарын өзгөртүүгө мүмкүнчүлүк бар. Риккенин пикири боюнча “бул абдан оор, ал үчүн сүйлөшүүнүн башка катышуучулары, анын ичинде Орусия жана Евробиримдик сүйлөшүү столуна отурууга туура келет. Мындай кадам “Ирандын ичинде катаал багытты карманган тарапташтарынын чырагына май тамызып”, Тегерандын өзөктүк программасын ишке ашыруусуна тоскоолдук кылчу келишимдин четке кагылышын шарттайт.

Өзөктүк куралды жайылтпоо

Трамп “Ислам мамлекети” террордук тобуна каршы өзөктүк курал колдонуу ыктымалдуулугун четке какпай, Жапония менен Түштүк Кореяга өзөктүк куралды өз алдынча иштеп чыгууну сунуштаган. Эксперттер Рикке жана Аллиндин пикиринде, Трамптын шайлоо алдындагы риторикасы өзөктүк куралды жайылтпоо келишиминин шарттарын үзгүлтүккө учуратышы мүмкүн. Башка өлкөлөр “коопсуздук боюнча принциптерин кайра карап чыгып, өзөктүк куралга муктаждыгын билдириши ыктымал”,- дейт Аллин.

Айлана-чөйрөнү коргоо

Трамп “климаттын өзгөрүү теориясын АКШ өндүрүшүн атаандаштыкта алсыздандыруу үчүн” Кытай атайын ойлоп тапкан деп ынандырат. Ал президенттик тактыда убадасына туруп атмосферага чыккан көмүр кычкыл газын чектеген Париж келишиминен чыгышы да мүмкүн. Мындан сырткары ал федералдык деңгээлде экологиялык нормаларды азайтарын айткан. Анын энергетикалык жана экологиялык саясатын Конгресстеги республикачылардын көбү колдойт. Трамп жарлыктын негизинде Аляскада жана Түндүк муз океандагы корголгон аймактарда мунай кенин чалгындоо жана Обаманын маалында токтогон Канададан газ түтүктөрүн курууну жанданта алат.

Иммиграция

Дональд Трамп алдыдагы эки жылда АКШдагы 11,3 млн мыйзамсыз иммигранттарды өлкөдөн чыгарам деп убада берген. Ал бул үчүн “атайын депортация боюнча бөлүк” түзүүнү да сунуштаган. Бул программаны каржылоо үчүн Конгресстин макулдугу керек. Көпчүлүк республикачылар мындай сунушка каршы, анткени латын америкалык шайлоочулар менен фискалдык консерватизмдин тарапташтарына бул демилге жакпашын билишет.

Вашингтондогу American Action Forum консервативдик аналитикалык борборунун баамында Трамптын планын эки жылда ишке ашыруу үчүн “америкалык иммиграциялык кызматтын инфраструктурасын жана штаттарын кеңейтүүгө туура келет”. Бул борбордун эсебинде мыйзамсыз иммигранттарды кубалап чыгуу АКШнын ички дүң өнүмүн 1,6 трлн долларга төмөндөтүп, эки жылдан кийин “курч жана терең рецессияга” жол ачышы мүмкүн.

Трамптын АКШнын түштүк чек арасын бойлото дубал тургузуп, ал үчүн Мексиканы акча төлөөгө мажбурлоо планынын ишке ашышы күмөн санатат. Мексика бийлиги төлөбөй турганын билдирген. “Вашингтон пост” гезитинин эсебинде 25 млрд доллар жөнүндө сөз болуп жатат.

Трамп “Патриоттук акттын” негизинде Мексикадан келген мыйзамсыз мигранттардын акча которууларын конфискациялоону сунуштаган, бирок юристтер бул учурда террористтерди каржылоого бөгөт койчу мыйзамды колдонууга негиз бардыгын айтышат.

Трамп өз жарлыгы менен мусулмандарды АКШга убактылуу киргизбөө жана качкындар боюнча программаны токтотуу боюнча чуулгандуу планын ишке ашырышы мүмкүн. Бул эки чечимди сот аркылуу талашса болот, бирок ал үчүн көп убакыт талап кылынат.

Салыктарды азайтуу

Трамп экономикалык блогунда сунуш теориясына негизделген программаны түзгөн. Ал ишкерлер үчүн азыркы 35% салыкты 15ке түшүрүү инвестиция үчүн чоң түрткү болуп, экономикалык өсүштү шарттап, жаңы иш орундарын камсыз кыларын негиздейт. Республикачылар жалпысынан бул демилгени колдосо, бирок көз карандысыз жана эки партиялуу экономикалык топтор, фискалдык консерваторлор буга каршы.

Tax Foundation аналитикалык борборунун эсебинде, Трамптын салыкты төмөндөтүшү федералдык бюджетти 5,9 трлн долларга азайтып, экономикалык өсүш болбойт жана байлар төлөчү салыкты жеңилдетет. Urban-Brookings Tax Policy Center аналитикалык борборунун жана Нью-Йорк университетинин профессору Лили Бэтчелдер Трамптын бул сунушу “орто топтогу жана жакыр жашаган үй-бүлөлөрдүн капчыгына күч келтирет” деп эсептейт.

Федералдык бюджетти түзүү боюнча вашингтондук аналитикалык комитеттин эсебинде, Трамптын сунушу 2026-жылга чейин АКШнын карызын 28,4 трлн долларга өстүрөт.

Соода келишимдери

Трамптын экономикалык программасынын дагы бир бөлүгүндө америкалык ишканалар “кыйроого жеткирген соода келишимдеринен” жабыркап жатканы, андыктан аларды кайра карап чыгуу керектиги айтылган. Президенттик орунда Трамптын ыйгарым укуктары Транс-Тынч океан өнөктөштүгүнөн (TPP) жана Түндүк америкалык эркин соода зонасынан чыгып кетүүгө жол ачат. Мындан сырткары ал Соода министрлигин Кытай жана башка өлкөлөргө каршы соода келишимдери бузулганы боюнча сотко арыз даярдап, ошондой эле айрым импорттук товарларга төлөм киргизерин билдирген.

Трамп 164 мүчөсү бар, соода эрежеси жана төлөмдөр боюнча талаштарда арбитр болгон Дүйнөлүк соода уюму (ДСУ) анын саясатын колдобосо андан чыгарын айтып коркуткан. Эгер ДСУ анын соода саясатын колдобосо, мындай кадамга барууга Трампта президенттик кызматта тиешелүү укугу бар.

Moody’s Analytics компаниясынын башкы экономисти Марка Зандинин баамында Трамптын экономикалык саясаты эл аралык сооданын азайышынан, иммиграциянын жана чет элдик түз инвестициялардын кыскарышынан улам АКШнын экономикасын “сезилерлик” солгундатат.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG