Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:43

Пакистан талиптеринин лидерлери абадан урулган соккудан жок кылынды


"Азаттыктын" Пакистан бөлүмүнүн атайын кызматтардагы булактарга таянып, 25-сентябрдагы кабарлоосуна караганда, Пакистан талиптеринин үч лидери Ооганстандын Пактика провинциясында өткөн күнү кечинде ооган жана америка аба күчтөрүнүн чабуулунан өлдү.

Алардын арасында "Техрик-э-Талибан Пакистан" тобунан бөлүнүп чыккан топтун лидери Раис Ханда болгон. Аны менен кошо Түндүк Вазиристан талиптеринин эки лидери жана Раис Хандын уулу да жан таслим болгону маалымдалды. Ооган бийликтери абадан урулган соккудан кеминде он жоочу өлтүрүлгөнүн кабарлады. Раис Хан 2014-жылы “Техрик-э-Талибан Пакистан" тобунан бөлүнүп, өз алдынча күрөш жүргүзөрүн жарыялаган. (AiT)

XS
SM
MD
LG