Линктер

шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:34

Түркиядагы толкундоолор сырттан ийгиликтүү өнүгүп бара жаткандай көрүнгөн мамлекеттин ичинде тереңдеп кеткен проблемаларды ачыктады.

Европанын эң тез өсүп жаткан шаары - Стамбулда жолду кеңейтүү долбоорунан улам Гези паркында дарактар жулунушуна адеп нааразылык билдирген төрт адам көчөгө оң миңдеген кишини ээрчитип чыкты. Бирок нааразылыктын тамыры менен түйүнү төрт же он эки даракта эмес, башкада жатканын премьер-министр да, анын көчөгө чыккан оппоненттери да моюнга алышууда.

Исламдашуудан чочулоо

Стамбулдук саясат таануучу Хакан Гүнөш демонстранттардын башын
кошкон "Таксим тилектештиги" кыймылынын мүчөсү.

Ал “Азаттык” менен маегинде толкундоонун түпкү себептерин мындайча чечмеледи:

- АК партия өкмөттү он жылдан ашуун убакыттан бери башкарууда, бирок быйылкы жылдын апрель-майы абдан бөлөкчө болду. Өзгөчө өткөн ай ичинде АК партиянын өкмөтү жаңы авторитардык кадамдарды жасады. Биздин пикирибизде, алар өлкөнү исламдаштыруу боюнча кадамдарга чындап барышты. Бир айча мурда Конститутциялык сот “Билим берүү жөнүндөгү” жаңы мыйзам боюнча чечимин жарыялаган. Ал чечимде сот исламды Түркиядагы башкы дин катары эске алышы мүмкүндүгү айтылган. Мындай көрүнүш Түркиянын тарыхында биринчи ирээт болуп жатат. Анткени Түркия ислам дүйнөсүндөгү секулярдык мамлекет катары белгилүү да. Адамдар буга чындап эле таң калды. Акыркы чечимдердин бири – алкоголдук ичимдиктердин сатылышын чектөө жөнүндөгү мыйзам болду.
Жаңы мыйзамга ылайык, кечки саат ондон кийин алкоголдук ичимдик сатууга тыюу салынат, ошондой эле алкоголдук ичимдиктер сатылчу ресторандар, коомдук жайлар боюнча да чектөө киргизилди. Чектөө мурда эле бар болчу, бирок акыркысы адамдарды кыжырлантты. Түрктөр эми орустардай көп ичпейт, бирок бул алардын жашоо стилинин бир өңүтү да. Жалпысынан бул башка адамдардын жашоо образын урматтоо жөнүндөгү маселе болуп жатат. Маселе алар көпчүлүктү түзөөрүндө эмес да, маселе башка адамдардын чечимин, жашоо образын да урматтоодо жатат. Мына ушунун баары биригип келип каршылык көргөзүү кыймылынын курчушуна алып келди.

Режеп Тайып Эрдоган азыр премьер-министр катары үчүнчү мөөнөт кызмат өтөөдө. Анын он жылдан ашып калган бийлиги учурунда Түркия дүйнөнүн он жетинчи ири экономикасына, Жакынкы Чыгыштагы ири саясий оюнчуга айланды. Улуттук дүң өндүрүш үч эсеге өстү.

Бийлигинин биринчи жарымында Эрдоган Түркияны Еврошаркеттин талаптарына жакындатуу максатында саясий рефомаларга көңүл бурган эле. Күрт азчылыгына маданий укуктар берилип, диний азчылыктардын эркиндиктери кеңейген.

Ал эми 2008-жылдан тартып, түрдүү саясий спектрден өкмөттүн жүздөгөн оппоненттери, анын ичинде студенттер, окумуштуулар, адвокаттар, журналисттер, армия офицерлери, күрт активисттери камалган. Оппоненттер Эрдоганды жыл өткөн сайын авторитардык башкарууга ык алды, медиада цензураны, мамлекеттик институттарда АК партиянын чеңгээлин күчөттү, динди саясаттын борбордук маселеси катары коё башташты деп сындашат.

Түрк коомунун белгилүү бир катмарында АК партиянын исламга акырындык менен ык алган саясатынан чочулоо күчөгөнүн “Эркин Европа/Азаттык” радиосунун аймактык директору, Түркия боюнча талдоочу Аббас Жавади да белгилейт:

- Түркияда мурда аялдарга коомдук жайларда жоолук салынып жүрүүгө тыюу салынган эле. Бул партия бийликке келгенден кийин андай тыюуну ийгиликтүү алып салышты. Мен өзүм жакшы билген бир мисалды айтсам – ооруканаларда иштеген дарыгерлер секулярдуу коомдо өсүп-тарбияланган, алар жоолук салынбайт. Алардын айтуусунда, башкаруучулар жоолук салынган аялдарды көбүрөөк кызматка алып, мурдагыларды иштен сүрүп чыгарууга өтүшкөн. Демек Түркиянын азыркы бийлиги – АК партия аларга лоялдуу жана алардын ислам идеологиясын колдогон адамдарга көбүрөөк артыкчылык берип, секулярдуу адамдарды кыйыр жана жумшак ыкма менен кысууга өтүшкөн.

Каршылык кыймылындагылар

Түркиядагы каршылык кыймылдын жаралышына өбөлгө берген, Эрдоганга каршы көтөрүлгөндөр калктын кайсыл катмары деген суроолор чыгат.

АКШдагы Арлингтон университетинин Жакынкы Чыгышка жана Түркияга адистешкен иликтөөчүсү Брент Саслей (Brent E. Sasley) “Азаттык” менен маегинде көчөгө чыккандарга ортоңку тап деген мүнөздөмө берди:

- ​АК партия мезгил өткөн сайын добуштарынын санын көбөйткөнү чындык. Бирок акыркы эки-үч жылда саясатты жүргүзүүдө коомчулукту такыр жээрип, автократ болуп алганы да чындык. Анткен менен көчөгө түркиялыктардын баары чыккан жок, бир бөлүгү гана келди. Негизинен ортоңку тап, АК партиянын чаралары көбүнесе мына ушул катмарга таасирин тийгизген.

Түркияда жашаган мекендешибиз, Анкара университетинин докторанты Абдурасул Исаков каршылык кыймылынын катышуучуларынын арасы бир кылка эместигин айтат:

- Түркияда катмар биринчи даражада роль ойноочу маселе эмес. Менин жеке пикиримде, бул жерде идеология биринчи планда. Адамдарды жашоо образына жараша жамаатташтырган бир топ агымдар бар. Саясий жагынан алганда 80-90 жылдан бери азыркы оппозицияны колдогондор, "атам да ушул позицияда турган" деген принципти кармангандар бар. Чыккандарды бир катмар деп бөлө албайбыз. Негизинен катышкандары жаштар деп айтсак болот, бирок алар эле эмес. Үй-бүлөсү менен чыккандар да бар. Ал эми идеология дегенде, мен азыр бийликте тургандарга каршы чыгып жаткандар оппозициянын гана өкүлдөрү эмес дегенди айткым келет.


АК партия Түркияны жылма исламдаштыруу багытынан чегинеби жана соңку күндөрү күн тартибине чыккан маселелерди эске алабы?

Демонстранттардын башын кошкон “Таксим тилектештиги” кыймылы алардын мындан аркы аракети өкмөт коюлган талаптарга кандай реакция жасарына көз каранды болорун билдирүүдө.

Кыймылдын мүчөлөрүнүн бири Хакан Гүнөш “Азаттыкка” буларды айтты:

- Өкмөткө төрт талап койдук. Биринчиси, үч демонстранттын өлүмү, алты кишинин өтө оор жаракат алышы, төрт миңдей кишинин жарадар болушу үчүн жоопкерлерди таап, кызматтан алып, жазаланышы керек. Жаракат алган демонстранттага компенсация төлөнүп берилиши зарыл. Алардын айрымдары көзүнөн айрылган. Экиничиси, өкмөт Таксимдеги борбордук сейил бакта соода борбор курулбашына расмий кепилдик бериши зарыл. Үчүнчүсү, өкмөт сөз эркиндигин, нааразылык билдирүү эркиндигин чектебөөгө убада бериши керек. Муну менен катар демонстранттар көздөн жаш агызуучу газдын колдонулушуна тыюу салууну талап кылышууда. Азыркы демонстрациялар учурунда көз жаш агызуучу газ бардык шаарларда колдонулду. Анын саламаттыкка тийгизүүчү терс кесепети абдан олуттуу. Төртүнчү талабыбыз – нааразылык акциясы учурунда камалгандардын баарын тезинен бошотуу. Эгер Эрдоган "Таксим тилектештигинин" талаптарын кабыл албаса, эч ким токтото албайт.”Таксим тилектештиги” да адамдарды токтото албайт.

Бирок Эрдоган өзү демонстранттардын талаптарынын баары эле кабыл алынбай турганын ачык ишара кылууда. Ал бейшемби күнү Тунистен Стамбулга кайтып келгенде колдоочулары астында сүйлөгөн кезинде мындай деди:

- 2011-жылкы шайлоо алдында мен ушул долбоорлоого жетишүүнү убада кылгам. Жети ири долбоор Стамбулда ишке ашарын белгилегем. Азыркы оппоненттер ошондо эмне үчүн эч нерсе дешкен эмес. Мен азчылык көпчүлүккө эркин таңуулашын кабыл албайм. Анткен менен кошумчалап кетейин, көпчүлүк азчылыкка маселелерди таңуулашы менен да келише албайбыз. Биздин азыр жасап жатканыбыз жөн гана көпчүлүктүн укугун коргоо. Биз кимдир бирөөнүн мыйзамсыз аракеттерине, вандализмге, шаарлардагы жеке менчик талкаланып, адамдар зыян тартышына көз жумуп койо албайбыз.

Эрдоган жалпы улуттук демонстрацияларда ал “террордук” деп атаган уюмдардын да өкүлдөрү катышканын кошумчалады. Бирок алар кайсыл террордук уюмдар экенин тактаган жок.

Түрк өкмөтүнүн Стамбулда дүйнөдөгү эң ири аэропортту, үч миллиард еврого Босфордо үчүнчү көпүрөнү жана он миллиард еврого Стамбулдун жарымын аралга айлантуучу канал куруу боюнча амбициялуу пландары бар.


Эрдоганга президенттикке жол жабылдыбы?

Азербайжандык саясат тануучу Арастын Оруджлу “Азаттык” менен маегинде буларга токтолду:

- Шарттуу айтканда бул секулярдык көтөрүлүш биринчи кезекте Эрдогандын өзүн оор абалга кептейт. Биз Түркиянын башкаруучу элитасындагы ажырымды көрө баштадык. АК партиянын өтө консервативдүү канатынын өкүлү деп саналган вице-премьер Гүлөнт Арынч кечирим сурады. Президент Абдулла Гүл да артка чегинди. Премьер Эрдоган гана катаал багытын карманууда. Андыктан АК партия үчүн абалын сактап, коомдогу элдешүүгө жетиш үчүн балким премьерди курмандыкка чалууга туура келет. Ушундай кырдаал түзүлүп тургандай.

АКШдагы Арлингтон университетинин Жакынкы Чыгышка жана Түркияга адистешкен иликтөөчүсү Брент Саслей (Brent E. Sasley) “Азаттык” менен маегинде азыркы демонстрациялар АК партиянын саясий келечегине жана карманган багытына олуттуу деле өзгөрүү алып келбешин белгилеп, аны төмөнкү аргументтер менен бекемдеди:

- АК партияны же Эрдогандын өзүн алмаштыргыдай партия же күч жок. Балким саясат жүргүзүү ыкмасында анча-мынча өзгөрүү болушу мүмкүн. Алдыдагы эң чоң маселе – Конституцияны кайра жазуу. Буга чейин күтүлгөндөй Эрдогандын президенттикке баруу планы бар. Бирок ал муну Конституцияны өзгөртүп, президенттин бийлик укугун күчөткөндөн кийин жасоону көздөөдө. Ошол Конституцияны жазуу жараянында парламент, коомчулук менен консультациялар өткөрүлүүсү ыктымал.

Менимче, олуттуу өзгөрүүлөр күтүлбөгөнү – саясий оппозициянын алсыздыгына, чоң бизнесте, жогорку катмарда, айыл жеринде, орто таптын төмөнкү катмарында, динге көбүрөөк берилген мусулмандар арасында өкмөттүн колдоочулары али деле арбын экендигине байланыштуу. Алар АК партиянын саясатынан пайда көрүп жатышат. Өкмөттүн экономикалык майдандагы иши да жаман эмес. Күрт жумушчу партиясы менен диалог баштады, коңшу Сириядагы жарандык согуш маселеси да бар. Жыйынтыктап айтканда, Түркиянын ичинде да, сыртында да АК партия бийликти колдон чыгарбашын каалаган күчтөр көп. Ушул факторлордон улам мен чоң өзгөрүүлөр келе жатат деп ойлобойм.


Түркия боюнча талдоочу Аббас Жавади азыркы демонстрациялар АК партияны бийликтен кулатпаган күндө деле, Эрдогандын Конституцияны өзгөртүп президент болуу пландарына олуттуу сокку урду деп эсептейт:

​- Өлкө калкынын 30-40% Эрдогандан чочушат. Алар эгер Эрдоган президент болуп калса, эркин дем ала албай калабыз дешет. “Урматтуу президент, дем алууга уруксат бересизби?”,- деп калабызбы деп чочушат. Эрдоган керек болсо биздин канча балалуу болушубузга чейин кийлигишет дешет.

Эсиңиздерде болсо үч-төрт ай мурун Эрдоган түрктөргө кайрылып, “ар бир үй-бүлө үчтөн балалуу болсун! Мына ошондо гана мамлекетибиз өсөт!”,- деп жар салды. Эркектер менен аялдар кайыкта аралашып, түртүшүп отурганын, парктарда кыз-жигиттин кучакташып жүргөнүн жактырбастыгын айтты. Эми бул ага жакпаса, анын жеке иши. Эмне үчүн ал бардык жерге эле кийлигише берет? Эрдогандын ушундай авторитардык жүрүм-туруму элди чочутат.


Ооба, Эрдогандын көздөгөнү Кошмо Штаттардагыдай демократиялык күчтүү президенттик башкарууну түзүп, өзү президент болуу. Ал президент болуп калышы дагы ажеп эмес. Бирок азыркы Эрдоган менен мындан он жыл мурунку Эрдоган таптакыр башка. Эрдогандын коомдогу беделине көө сүйкөлдү, көчөдөгү анын шакаба сүрөттөрүн карасаңар, ал тууралуу айтылып-жазылып жаткандарды окусаңар – Эрдогандын кадыр-баркы түштү.

Мыйзам боюнча Түркияда жергиликтүү жана президенттик шайлоо келерки жылы, ал эми парламенттик шайлоо 2015-жылы өтүшү керек. Учурдагы Баш мыйзам боюнча Түркия президентин парламент шайлайт.


Стамбулдагы толкундоодон сүрөт баян: 2-июнь, 2013.

  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG