Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:57

Түркия: кезек Гүлендин банкына келди


Гүлендин жактоочулары Азия банктын Стамбулдагы баш кеңсеси жанында куран окушууда. 4-февраль, 2015-жыл.

Гүлендин жактоочулары Азия банктын Стамбулдагы баш кеңсеси жанында куран окушууда. 4-февраль, 2015-жыл.

Түркияда бийликтер президент Эрдоган душманы катары санаган диниятчы Фетхуллах Гүлендин “Хизмет” кыймылына байланышы бар Азия банкка көзөмөл орнотту.

Мунун алдында Гүлендин паспорту жокко чыгарылганы маалымдалган эле. Гүлен өзү америкалык “Нью-Йорк Таймс” гезитине жарыяланган макаласында азыркы бийлик Түркияны тоталитаризмди көздөй бурганын айтып чыкты.

Түркияда ислам принциби боюнча иш алып барган эң ири каржы институту катары саналган Азия банкына мамлекет карамагындагы мекеме - Депозиттерди камсыздандыруу кору ушул шейшембиден тарта көзөмөл орнотту.

Башкача айтканда, банктардын ишин тескөөчү агенттиктин чечими менен Азия банктын 63% акциясы өкмөттүн көзөмөлүнө өттү. Банктын Директорлор кеңеши жаңыланды.

Мындай чарасын түрк бийликтери Азия банктын ишинде “ачык-айкындуулук” жоктугу менен негиздешти.

Бирок банктын башкаруучусу Ахмет Бейаздын жергиликтүү маалымат каражаттарына айтканына караганда, алар өкмөттүн кадамын мыйзамсыз деп эсептешет жана ага каршы укуктук чара көрүшмөкчү:

- Биздин банк бир жылдан бери басым алдында иштеп келет. Бүгүн жасалып жаткан нерсе ошол мыйзамсыз иштердин уландысы. Биз буга чейин аны коомчулукка далай жолу айтканбыз. Тилекке каршы, Түркиянын эң ири банктарынын бири күн сайын мыйзамсыз чабуулдарга туш болуп келатат. Мунун аркасында кардарларыбызды дал ушундай жол аркылуу качырып, ишенимсиз банк деген атка кондургусу келүү ниети жатат. Биз өз укугубузуду мыйзам жолунда коргоого аракет кылып келе жатабыз. Мындай аракетибизди биздин кардарларыбыз да колдоп келет жатышат.

Байкоочулар Азия банкына өкмөттүк көзөмөл орнотулушун түрк бийлигинин динаятчы Фетхуллах Гүлендин “Хизмет” кыймылына тиешеси бар институттарга каршы өнөктүгүнүн алкагындагы иш катары баалашууда.

Азия банктын алдына чогулгандар. Стамбул, 4-февраль, 2015-жыл.

Азия банктын алдына чогулгандар. Стамбул, 4-февраль, 2015-жыл.

Түрк медиасында айтылып жаткандай, былтыр эле Эрдоган АКШда жашаган Гүленди ага каршы кутум уюштурууну мерчемдегени үчүн айыптагандан кийин мамлекет карамагындагы мекемелер, фирмалар ал банктан 4 миллиард лира же 1,7 миллиард долларлык депозиттерин чыгарып кетишкен. Өкмөт салык жана пенсия төлөмдөрүн тейлөө боюнча контракттарын үзгөн эле.

Гүленди жактагандардын пикиринде, бийликтер “Хизмет” кыймылына байланышы бар банкты банкрот абалына жеткирүүнү көздөшүүдө.

​Бирок “Заман” интернет басылмасынын жазганына караганда, өкмөттүн соңку чарасынан кийин Азия банктын миңдеген кардарлары ага тилектештик көргөзүп, эсептерине кошумча депозит акча салууга ашыккан учурлар да болду. Ошондой кардарлардын бири, Адана шаарынын тургуну мындай дейт:

- Азыр алтын алчу дүкөнгө кетип баратам. Аялым менен
кеңешип, чогулткан канча алтын-күмүшүбүз бар болсо, аны сатып, банктагы эсебиме салайын деп жатам. Чынын айтсам, Фетхуллах Гүлендин жамааты менен ишим деле жок. Бирок мен жашаган өлкөдөгү ушундай абалдын болушуна чыдап тура албадым. Ошондуктан өзүм ишенген банкка жасалган туура эмес ишке дал ушундай жол менен каршы чыгайын деп чечтим. Башкаларды да ушундай кылууга чакырам

Азия банктын айланасындагы азыркы окуяларга тушташ Фетхуллах Гүлендин жактоочулары социалдык түйүндөрдө 1996-жылы Стамбулда банктын ачылышына келген динаятчыга шаардын ошол кездеги мэри Режеп Тайып Эрдоган жакындоого аракеттенгенин көргөзгөн видеотасманы да таратышты.


Тирештин тарыхы

Эрдоган мурда өзү менен өнөктөш жана кызматташ болгон Фетхуллах Гүленди жана анын жактоочуларын 2013-жылдын декабрында, Түркияда ири коррупциялык жаңжал тутанганда “параллель мамлекет” курууну көздөп жатышканы үчүн айыптап чыккан.

Андан бери мамлекеттик аппаратты Гүлендин жактоочулары делгендерден тазалоо максатында миңдеген полицейлер, жүздөгөн соттор менен прокурорлор кайра дайындалды. Түрк бийликтери ошондой эле Гүленге байланышы бар делген медиа уюмдарга да рейд жүргүзүп, бир нече журналистти камакка алган эле.

Өкмөттүк Анадолу агенттигинин апта башында жазганына караганда, түрк бийликтери АКШга Фетхуллах Гүлендин паспорту “жалган маалыматтын” негизинде алынганына байланыштуу жокко чыгарылганын кабарлаган. Бирок Гүлендин адвокаты Нурулла Албайрак, тескерисинче аткаруу бийлигинин паспорт боюнча чечими сот тарабынан жокко чыгарылганын айтууда.

Гүлөн жана Эрдоган. Сүрөт качан тартылганы белгисиз.

Гүлөн жана Эрдоган. Сүрөт качан тартылганы белгисиз.

Талдоочулардын болжолунда, паспортун жокко чыгаруунун артынан эми түрк бийликтери АКШга Гүленди экстрадициялоо боюнча расмий өтүнүч жолдошу мүмкүн. Буга чейин президент Эрдоган АКШны Гүленди депортациялоого чакырган. Былтыр декабрда Түркиянын соту динаятчыны камоого көрсөтмө берген. Эгер АКШга экстрадиция боюнча расмий өтүнүч жолдонсо, Вашингтон бул талапты четке кагары күтүлүүдө.

"Тоталитаризмге жетелөө"

Гүлен өзү 3-февралда америкалык “Нью-Йорк Таймс” гезитинде жарыяланган макаласында АК партиянын башкаруусундагы “түрк демократиясына эрозия” кеткенин айтып чыкты.

Гүлендин пикиринде, шайлоодогу жеңиши АК партияга “Конституцияны жерүүгө, башкача ойлонгондорду басууга, кландык капитализм курууга, ММКны баш ийдирүүгө укук берген эмес”.

Динаятчы белгилегендей, “ар бир сынчыл добушту душман, андан жаман жагы чыккынчы катары кароо менен" азыркы бийлик өлкөнү "тоталитаризмге жетелеп баратат”.

  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

  • 16x9 Image

    Бакыт Асанов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кеңсесинин кызматкери, журналист. 2011-жылы Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Коммуникация факультетин аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG