Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:23

Москва Анкарага каршы “көзүр картасын” көргөздү


Салахиддин Демирташ менен Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров. Москва, 23-декабрь, 2015-жыл
Салахиддин Демирташ менен Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров. Москва, 23-декабрь, 2015-жыл

Орусия түрк бийлигинин каршылаштарын өзүнө тартып, анын аялуу маселесине ойной баштады.

Буга Кремлдин Түркиядагы күрт оппозициясынын башчысы Салахиддин Демирташты кабыл алышын мисал келтирген түркиялык жана орусиялык басылмалар бул кадам Анкаранын ачуусун келтирди деп жазып чыгышты.

Түркиянын өкмөт башчысы Ахмед Давутоглы күрт оппозициясынын башчысы Демирташтын Москвага сапарын айыптап, алар Түркия менен кимдин проблемасы башталса, дайыма ошолор менен кызматташууну моралдык милдети катары эсептешет деп билдирди.

Айран-таң калтырган саясий жүрүш

Түркиянын басылмалары расмий Москванын 23-декабрда күрт оппозициясынын башчысы Салахиддин Демирташты жогорку деңгээлде кабыл алуусун Кремлдин өчөшкөн саясаты катары жазып чыгышты. Түркиядагы Hurriyet гезити “күрт оппозициясынын башчысы Демирташты Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров расмий деңгээлде, чоң сый-урмат менен жогорку бийлик адамы катары кабыл алды” деп жазды. Орусиялык “Коммерсантъ” басылмасы болсо Кремлдин Демирташты ачык кабыл алып, Түркиядагы этникалык күрттөр менен терроризмге каршы күрөшүү жаатында кызматташууну сунуштаганы Анкаранын ачуусун келтирип, адаттан тыш алдастатып койгонуна талдоо жүргүздү. Ошондой эле бул басылма Демирташ бир жыл мурун Москвага жашыруун келип кеткенин белгилеген. Ал кезде Демирташ Эрдогандын атаандашы катары президенттикке ат салышууга даярданып жатканы белгилүү болчу. Президент Режеп Тайып Эрдоган анын Элдик демократиялык партиясы Түркиянын түштүк-чыгышындагы күрт козголоңчуларын тымызын колдойт деп айыптаган эле.

Бул жолу Демирташтын Орусиядагы орус-күрт ишкерлер бирлигинин ачылышына келип, андан соң тышкы иштер министри Сергей Лавров менен жолугушууда орус учагынын атып түшүрүлүшү боюнча Анкараны айыптаган билдирүүсү Кремлге жакын маалымат каражаттарынын баарында кеңири чагылдырылды. Түркиядагы маалымат-талдоо агенттиктери муну менен Москва Анкарага басым көрсөткөн саясий жүрүш жасаганын белгилеп чыгышты.

Кремл күрт сепаратизмин күчөтөбү?

Ошол эле учурда бир катар түрк агенттиктери Москванын бул кадамын Түркиянын ички ишине түздөн-түз кийлигишүү жана андагы күрт маселесине байланыштуу татаал жагдайды атайылап күчөтүү аракети катары сыпатташууда. Буга Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавровдун жолугушуу учурунда күрт оппозициясы катары таанылган Демирташтын партиясын Түркиядагы негизги саясий күч катары расмий таануусу мисалга алынды.

Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров жолугушуу учурунда Түркиядагы күрт оппозициялык партиясына карата жогорку баасын берди:

- Урматтуу Демирташ мырза, сиз менен Түркиянын саясий турмушунда маанилүү роль ойногон Элдик демократиялык партиянын лидери катары Москвада жолугушуп жатканыбызга кубанычтабыз. Сиздердин Түркиядагы маанилүү саясий күч экендигиңиздер болуп өткөн соңку парламенттик шайлоонун жыйынтыгында да ырасталды. Сиздерде Түркиядагы бардык улуттук жана этникалык азчылыктардын укугун коргой турган саясий платформа бар экен. Муну менен сиздер Түркиянын биримдигин камсыздай аласыздар. Биз дайыма мына ошондой турумду колдоп келгенбиз. Сиздин бул сапарыңыз орус-түрк мамилеси жакшы эмес учурду баштан кечирип турган маалга туура келди.

Өз кезегинде бул жолугушууда Салахиддин Демирташ бул жерде түрк бийлигинен жашыра турган эч нерсе жоктугун айтып, болгону Анкара Москва менен мамилесинде кемчилик кетиргенине карабастан, эки тараптуу алаканы оңдоого өбөлгө түзүү зарылдыгын белгилеген. Ал өз сөзүндө Анкаранын тышкы саясатта кетирген кемчилигинен Түркиянын Орусиядагы ишкерлери жабыркабашы керектигин айткан. Буга жооп катары Лавров санкциялар Түркиядагы карапайым элге эмес, расмий Анкарага карата колдонуларын белгилеген. Москванын күрт оппозициясын кабыл алуусу Анкараны аң-таң калтырып, Түркиянын өкмөт башчысы Давутоглы алардын ушундай учурда Орусияга барышы эмнени каңкуулайт деп суроо койуу менен чектелди. Анткен бул жолугушууда Салахиддин Демирташ өзүнүн партиясынын Москвадагы бөлүмүн ачууну да макулдашканын маалымат каражаттары жазып чыгышты.

XS
SM
MD
LG