Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 11:10

Түркия: жардыруу уюштургандар белгилүү болду


Полицияга кол салуу Стамбулдун тарыхый Султанахмет районундагы айтылуу Көк мечит менен Айя София мечиттеринин ортосунда болду

Полицияга кол салуу Стамбулдун тарыхый Султанахмет районундагы айтылуу Көк мечит менен Айя София мечиттеринин ортосунда болду

Шейшемби күнү кечинде Стамбулда жанкечти аял жасаган жардыруудан полициянын бир офицери каза таап, экинчиси жаракат алган.

Полиция бекетине жасалган бул кол салуу үчүн ашынган солчул топ жоопкер болду.

"Боштондуктун ыңкылапчыл элдик майдан партиясы" (DHKR – C) деп аталган солчул топтун билдирүүсү кол салуудан бир нече сааттан кийин “Элдин ыйы” (The People’s Cry) деп аталган интернет сайтка жайгаштырылды.

Анда бомба чабуулу 15 жаштагы Беркин Элван ысымдуу өспүрүмдүн өлүмү үчүн бийликтеги АК партияга каршы жасалганы көрсөтүлгөн.

Беркин Элван өкмөткө каршы демонстрациялар учурунда башынан алган жаракатынан тогуз ай комада жатып, былтыр март айында каза болгон эле.

Аталган солчул топтун билдирүүсү алдында түрк премьер-министри Ахмед Давутоглу Анкарадан кабарчыларга сүйлөп жатып, буларды белгиледи:

- Полиция жана атайын кызматтар жардыруунун кайсы бир топко тиешеси бар-жогун иликтейт. Стамбулдун жүрөгүндө жасалган кол салуу боюнча ар тараптуу иликтөө жүргүзүлүп, эгер анын кайсы бир топко тиешеси бар-жогу аныкталса, андан чаралар көрүлөт.

Ахмед Давудоглы

Ахмед Давудоглы

Шейшемби күнкү кечиндеги кол салуу Стамбулдун тарыхый Султанахмет районунда айтылуу Көк мечит менен Айя София мечиттеринин ортосунда, чет элдик туристтер көп жүргөн жердеги имаратта жайгашкан полиция бекетине жасалган. Окуя тууралуу Стамбулдун губернатору Васип Сахин буларды айтты:

- Жанкечти аял өзүн туристтик кеңседе жайгашкан полиция бекетине келип жардырган. Тергөөчүлөр азыр жанкечти аялдын өздүгүн аныктоонун үстүндө иштеп жатат. Ал кеңсеге киргенде суроолорду англис тилинде берген. Бирок Түркиянын жараны же жараны эместиги азырынча белгисиз.

Кол салуу үчүн жоопкерчилик алган "Боштондуктун ыңкылапчыл элдик майдан партиясы" (DHKR – C) деген ашынган солчул топ эмне болгон уюм? Биз бул суроону Стамбулда чыгуучу “Заман” гезитинин кабарчысы Дервиш Генчке жолдодук:

- Бул террорчул уюм десек жаңылышпайбыз. Аны мамлекет да террордук уюм деп атады. Албетте буларга тыюу салынган. Алардын мүчөлөрү өткөн жылдары түрмөдө болушкан. Тилекке каршы акыркы бир жылда алардын баарын түрмөдөн чыгарып коюшкан эле. Булар интернет, уюлдук телефондорду колдонбойт. Ошондуктан алардын жардыруу аракеттерин алдын ала билүү, табуу да кыйын. Булардын негизги максаты полицияны бутага алуу. Ошондуктан негизи элдин арасында жардырууларды жасашпайт.

Аталган солчул топ өткөн аптада Стамбулда, түрк премьеринин кеңсесине жакын жайгашкан полиция бекетине граната ыргытылганы үчүн да жоопкерчилик алган эле.

Жардыруудан кийин. 6-январь,

Жардыруудан кийин. 6-январь,

Бирок тыюу салынган уюм кечээги жардыруудан кийинки билдирүүсүндө Түркияны “Беркин Элванды аткан жана ууру министрлерди коргогон мамлекет” деп да атаган. Мында солчул топ парламенттик комиссиясынын ушул дүйшөмбү күнкү чечимин эске алып жатышы мүмкүн.

Анткени бийликтеги АК партиянын мүчөлөрү үстөмдүк кылган парламенттик комиссия коррупция үчүн айыпталган мурдагы төрт министрдин ишин сотко жөнөтпөө жөнүндө чечим чыгарган болчу.

Түрк оппозициясы бийликтегилердин бул кадамын өлкөнүн тарыхындагы эң ири коррупциялык жаңжалды бас-басты кылуу аргасы катары сыпаттады.

Азыркы президент Режеп Тайып Эрдогандын премьер кезиндеги өкмөтүндө ички иштер, экономика, айлана-чөйрө, урбандашуу жана Европа иштери боюнча министр кызматын аркалагандарга байланышкан коррупциялык жаңжал 2013-жылдын декабрында тутанган.

Эрдоган бул жаңжал үчүн анда биз кездеги өнөктөшү, азыр АКШ да жашаган диниятчы Фетхулла Гүлөндүн жактоочуларын айыптаган эле.

Өкмөт коррупциялык жаңжалга мамлекеттик аппаратты тазалоо, жүздөгөн полицейлерди, соттор менен прокурорлорду кызматтан алуу менен жооп берген.

Азыркы премьер-министр Ахмед Давутоглу да шейшемби күнү парламентте сүйлөп жатып, мурдагы төрт министрди коррупцияда айыптоону “төңкөрүш жасоо” аракетине байланыштырды.

  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG