Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:29

Дональд Трамп экс-президент Билл Клинтонду сындады


Дональд Трамп.
Дональд Трамп.

Республикачылар партиясынан АКШ президенттигине талапкер Дональд Трамп экс-президент Билл Клинтонду сындады. Ал 27-октябрда Огайо штатындагы митингде Клинтондун үй-бүлөсүнө байланышкан фонддун ишинде мүчүлүштүктөр болгонун айтып чыкты. Буга чейин Трамптын атаандашы Демократиялык партиянын талапкери Хиллари Клинтонго таандык жаңы электрондук каттар жарыяланган. Трамп бул каттар Клинтондордун кайрымдуулук фондунун коррупциялык иштеринен кабар бериши мүмкүндүгүн билдирди.

Wikileaks сайты ачыктаган билдирүүлөр Клинтондун шайлоо кампаниясынын төрагасы Жон Подестанын электрондук почтасынан алынганы айтылган. Мындан мурда Хиллари Клинтон мамлекеттик катчы кезинде менчик почтасы аркылуу 30 миңдей кат жөнөткөнү үчүн сынга алынып келген.

19-октябрда АКШда президенттик шайлоо алдындагы дебаттардын жыйынтыктоочу айлампасы өткөн. Акыркы сурамжылоолор боюнча, Трамп Клинтондон бир топ артта. АКШ президентин шайлоо 8-ноябрда болот.

XS
SM
MD
LG