Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:52

Лондонго кошумча полиция күчтөрү киргизилди


Премьер-министр Д.Кэмерон Лондондо полицияны үч эсе көбөйтүүгө буйрук берди. Тополоң башка ири шаарларга жайылууда.

Шейшембиден шаршембиге караган түнү Лондондо тартип коргоочулардын саны 6 миңден 16 миңге көбөйтүлмөкчү. Үч күндөн берки тополоң-тоз Бөрмингэм, Бристол, Ливерпул, Ноттингэм шаарларына да жайылды. Дүйшөмбү күнү Лондондун түштүгүндөгү толкундоолордо ок жеген бир киши эртеси көз жумганын полиция билдирди.

Өткөн ишембиде полиция бир кишини атып салгандан кийин башталган толкундоолор Британиядагы ондогон жылдардан берки эң ири тополоң-тозго айланды.

Лондондо шейшембиде башаламандык, каракчылык, өрттөө үчүнчү күнү катары менен уланды. Тополоңдо баш калаанын көп райондорунда соода борборлору өрттөнүп кетти.
Премьер-министр Кaмерон Лондон полиция жетекчилери менен жолугууда, 9-август, 2011-ж.
Дэвид Камерон жайкы эс алуусун токтотуп, Лондонго кайтып келди. Ал тополоңго катышкандарга катуу чара көрүлөөрүн эскертти:

Мен тетири иштерге барып, кылмыш кылгандарга ачык айтып коюшум керек, мыйзамдын толук күчүн сезесиңер. Кылмыш кылгандай жашта болгондор мыйзам алдында да жооп берүүгө тийиш. Силер башкалардын гана турмушуна бүлүк салган жоксуңар. Силер өзүңөрдүн жашооңорго да бүлүк салып жатасыңар!

Өкмөт башчы жайкы эс алуудагы парламент бейшембиде чукул жыйынга чогулаарын билдирди.

Бийликтердин маалыматына ылайык, өткөн үч түндө Лондондо эле 450дөн ашык киши камакка алынды. Саясатчылар менен тартип коргоочулар тополоң үчүн кылмышкерлерди жана бейбаштарды күнөөлөп жатышат.

Айрым оодандарда тополоңдун чыгышына жергиликтүү тирештерди, экономикалык каатчылыкты жана байлар менен кедейлердин ортосундагы ажырымдын тереңдешин күнөөлөшүүдө.

Британ өкмөтү 2015-жылга чейин мамлекеттик чыгымдарды 130 миллиард долларга кыскартууга чечим чыгарган эле.

Лондондун Кройдон аймагындагы тополоңдогу өрт, 8-август, 2011-ж.
8-июлдан тогузуна караган түнү Лондондун бир нече ооданында талоончулар дээрлик эч кандай тоскоолдуксуз дүкөндөрдү карактап, айрымдар турак-жайларга кол салууга аракеттеништи.

Лондондун көп тургундары эмне үчүн тартипти калыбына келтирүүгө жетиштүү санда тартип коргоочулар киргизилбей жатканына таң калышууда. Түнкү коменданттык саат киргизүү, талоончуларга суу замбирегин колдонуу, ал тургай аскер жайгаштыруу чакырыктары айтылууда.

Өткөн жылы тартип коргоочулардын айлыктарын азайтууга чакырган ички иштер министри чындыгында полицияга жетиштүү ресурс зарылдыгын билдирди:

- Полицияда мындай кырдаалды жөнгө салууга жетиштүү каражат болушун камсыз кылышыбыз керек. Тартип коргоочуларга өз милдетин аткаруу үчүн жетиштүү ресурс болушу керек.

Ошол эле мезгилде Тереза Мей Лондонго аскер жайгаштырууну колдобой тургандыгын кыйытты.

Ал эми Лондондун полиция комиссары Тим Годвин шаардыктарды полиция менен иштешүүгө жана ата-энелерди балдарын көчөгө чыгарбоого чакырды.
Британия тополоңдун кучагында
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:26 0:00

XS
SM
MD
LG