Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:52

Британиялык жазуучу Салман Рушдинин “Фейсбук” социалдык тармагы менен талашы жазуучунун соцтармактагы баракчасынын аталышынан улам башталган. 14-ноябрда жазуучу өз баракчасына кире албай калганын жарыялаган.

"Фейсбуктун" администрациясы Салман Рушдиден уруксат сурабастан анын эккаунтун “Салман” эмес, “Ахмедге” алмаштырып салган, себеби жазуучунун паспортунда ушул ысым көрсөтүлгөн.

Акыркы убакта "Фейсбук" колдонуучу адамдар социалдык тармакта өз аты менен катталуусу керек деген турумду карманып, жасалма аттар менен катталган баракчалар администрация тарабынан жабылууда. Дал ушул турум көп талкууларды жаратты. Себеби кээ бир өлкөлөрдөгү адам укуктары боюнча активисттер өз коопсуздугу үчүн каймана ат алууга аргасыз.

Теги индиялык, “Шайтандын аяттары” чыгармасынын авторунун толук аты-жөнү Ахмед Салман Рушди. Бирок аны дүйнө Салман Рушди деген каймана ат менен тааныйт.

14-ноябрда Салман Рушди “Фейсбуктагы” өз баракчасына кире албай калган соң буга каршы өнөктүгүн “Твиттер” аркылуу баштаган.

Салман Рушди өзүнүн турумун коргоп калууга жетишип, 16-ноябрда анын баракчасына “Салман Рушди” деген баштагы аты калыбына келтирилди.

“Фейсбук” болсо бул чечимди жазуучунун паспортунда “Салман” деген аттын бар экени менен түшүндүрдү.

Акыркы учурда “Фейсбук”, “Гугл+” өңдүү ири социалдык тармактар колдонуучулардын чыныгы ысымы менен катталышын талап кылууда.

Ушуга чейин социалдык тармактарда жасалма ат менен катталууга мүмкүнчүлүк бар эле. Мисалы, “Твиттер” социалдык тармагы адамдын чыныгы атын дагы деле талап кылбайт.

""Фейсбук" ар дайым чыныгы аттар үчүн экендигин жашырбайт. Бул биздин кызматты колдонгон адамдардын арасында жоопкерчиликти, коопсуздукту, ишеничти арттырат деп терең ишенебиз", - дейт “Фейсбуктун” администрациясы "Азаттык" үналгысына жазган катында.

Эркиндиктер vs. кызыкчылыктар

“Фейсбук” адамдардын бири-бири менен байланышуу ыкмасын өзгөрткөн компания катары белгилүү. Сайттын 800 миллион активдүү колдонуучусу бар. Бирок бара-бара адамдын жеке эркиндиктери бизнес кызыкчылыктары менен дал келбей калды. Технологиялык коопсуздук боюнча адис Брюс Шайер:

- “Фейсбук” да, “Гугл+” да адамдардын чыныгы аттарын өз кызыкчылыктары үчүн талап кылышууда. Бул - коммерциянын ыкмасы. Сиз "Фейсбуктун" колдонуучусу эмессиз. "Фейсбук" сизди колдонуп, андан акча жасоодо. Албетте көп адамдар кетет, бирок көп адамдар калат. Алар муну билет жана көбүрөөк акча жасашат. Себеби жарнама системасына реалдуу аттар керек.

"The New York Times" гезитине жакында чыккан бир макалада компаниялар адамдар тууралуу маалымат топтоо үчүн жылына 2 миллиард доллар сарптаарын айтып чыккан.

Салман Рушди менен болгон окуя анын таанымал жазуучу экенине байланыштуу жарыкка чыкты жана ал "жылдыз" болгону үчүн бул талашта жеңе алды. Ал эми карапайым адамдар мындай кырдаалда кантет? Бул азырынча белгисиз.

Брюс Шайер социалдык тармактар жаңы эрежени акырындык менен киргизип жаткандыгын белгилейт, себеби аларга коомдук нааразычылыктын кереги жок.

Пенсилвания университетинин Анненберг байланыш мектебинин Иран боюнча медиа долбоорунун директору Махмуд Инаят "бул платформалар укук коргоочулук максаттарга колдонулбай калышы мүмкүн" деген ойдо.

Рушдинин окуясы көп активисттер үчүн сабак болуп, алардын айрымдары өз коопсуздугу тууралуу ойлонуп калышкандай.

Amnesty International 15-ноябрда укук коргоочулар өз ишмердүүлүгү үчүн камакка алынчу 5 өлкөнү атады. Алар: Кытай, Азербайжан, Сирия, Вьетнам жана Египет.
  • 16x9 Image

    Аида Касымалиева

    Азаттык+ телепрограммасынын алып баруучусу, продюсери (2005-2009), Москвадагы кабарчысы (2011). 2012-жылы "Москвада калган ый" даректүү тасмасы "Бир дүйнө" кинофестивалында "Ачылыш" наамына татыган. Бишкек гуманитардык университетинин журналистика бөлүмүн 2005-жылы аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG