Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:23

Казакстанда "мунай уурдады" деп шектелгендер камалды


Актөбөдөгү мунай чыгарган ишкана.
Актөбөдөгү мунай чыгарган ишкана.

Казакстанда мунай уурдады деп шектелгендер камалды. Бул тууралуу 7-декабрда Улуттук коопсуздук комитети билдирди.

Комитет тараткан билдирүүдө “мунай уурдагандарды калкалап келген, салафи агымын тутунган кылмыш тобунун мүчөлөрү кармалышты” деп жазылган. Актөбө шаарында өткөн атайын операция маалында кармалгандардын аты-жөнү маалымдалган жок.

Учурда шектүүлөрдүн үйлөрүндө жана “уурдалган кара майды мыйзамдаштыруу менен алектенген” деген ишканаларда тинтүү иштери жүрүп жатат.

Ушул жылдын жай айларында Актөбө шаарында куралдуу кол салуу уюштурулуп, жети киши мерт кеткен. Бийлик ал окуяны теракт деп атаган. Чабуулдан кийинки рейддердин алкагында ондогон согушкерлер жок кылынган. Ал эми кол салууларга катыштыгы бар деп камакка алынган жети адам өткөн айда өмүр бою эркинен ажыратылышты.

XS
SM
MD
LG