Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:14

Экзит-пол: Шайлоодо жети партия парламентке өттү


Украин жоокерлери добуш берүүдө. Киев. 26-октябрь, 2014-жыл
Украин жоокерлери добуш берүүдө. Киев. 26-октябрь, 2014-жыл

Украинадагы кезексиз парламенттик шайлоонун алдын ала жыйынтыгы боюнча беш пайыздык чектен жети партия өттү.

«Петро Порошенконун блогу» - 23%, «Элдик фронт» - 21,3%, «Өз ара көмөктөшүү» - 13,2%, «Оппозициялык блок» - 7,6%, "Эркиндик" - 6,3%, Радикалдык партия - 6,4%, «Батькивщина» - 5,6% добушка ээ болгону кабарланды.

Украинанын БШКсы бардык шайлоо бекеттери жабылганын билдирди. Акыркы маалыматка ылайык, Украинада шайлоочулардын 40,77% добуш берүүгө катышты. Добуш берүү 33 миңден ашуун бекеттерде жүрдү. Орусиячыл күчтөр көзөмөлдүк кылган Луганск менен Донецк облустарында айрым шайлоо бекеттеринде гана добуш берүү өттү.

26-октябрда Украинада Жогорку Радага кезексиз шайлоо өттү. Шайлоого 29 партия ат салышып, ага 600дөй эл аралык байкоочу көз салды.

Улуттук парламент - Жогорку Радага шайлоо алдында президент Петро Порошенко шайлоочуларды бирдиктүү Украина үчүн добуш берүүгө үндөгөн.

Добуш берүү үчүн келген улгайган аял. Украина, Славянск. 26-октябрь, 2014-жыл.
Добуш берүү үчүн келген улгайган аял. Украина, Славянск. 26-октябрь, 2014-жыл.

Жогорку Рададагы 450 орунга 29 партия ат салышты. Алардын ичинде «Петро Порошенконун блогу», Олег Ляшконун улутчул партиясы, премьер-министр Арсений Яценюк менен Жогорку Раданын төрагасы Александр Турчиновдун партиялары да бар. Украинада 30 милиондон ашык жаран добуш берүүгө укуктуу.

Америка Кошмо Штаттары шайлоонун алдында бардык украиналыктарды, анын ичинде Орусия аннексиялап алган Крымдын элин парламенттик шайлоодо добуш берүүгө үндөгөн.

Жогорку Радага шайлоо өлкө чыгышында украин армиясы менен орусиячыл жикчилдер ортосунда уруш жүрүп жатканына карабай өтүүдө. Донецк жана Луганск облусундагы жикчилдер ноябрда өз алдынча шайлоо өткөрүүгө чамынууда.

Президент Путиндин администрация башчысы Сергей Иванов "Интерфакс" агенттигине шаршемби күнү берген интервьюда Москва Украинада жашоо кадыресе нукка түшүүсүн каалаганын айтты. Ошол эле күнү Украинанын премьер-министри Виктор Яценюк Киевде туруп, Орусия өлкөдөгү кырдаалга аскерий жактан кийлигишип жаткан шартта шайлоону ырааттуу өткөрүү кыйын болуп жатканын айта кеткен.

- Украинада шайлоону Орусиянын аскерий агрессиясы маалында өткөрүү оор. Орусия кырдаалды бейстабилдештирүүгө аракет кылары айдан ачык.

Украинанын ички иштер министри Арсен Аваковдун айтымында, шайлоонун жүрүшүндө коомдук тартипти 82 миң милиционер камсыздады. Террорчулук коркунучу бар же талапкерлерге кол салуу мүмкүн болчу аймактарга тез аракеттенүүчү атайын күчтөрдүн төрт миң жоокери жайгаштырылат деп айтылган.

20-октябрда Яценюк башындагы “Элдик майдан” партиясынын мүчөсү Владимир Борисенкого ок атылып, жардыргыч зат ыргытылган. Ал мурда бир нече жолу “атып кетебиз” деген коркуткан каттарды алгандыктан, ок өтпөс чопкут менен жүргөн.

XS
SM
MD
LG