Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:21

УКРАИНАДА КОРКУНУЧТУУ УУЛУУ ЗАТ ЧОҢ АЙМАКТЫ КАПТАДЫ


Укринада сары фосфорду ташып бараткан поезд жолдон чыгып кеткенде өрт чыгып, андан пайда болгон уулуу булут 14 айыл жайгашкан 90 чакырым аймакты каптады. 15 машине аңтарылып, алтоо өрттөнүп кетти. Казакстандан Полшага бараткан поезд кечээ Украинанын батышындагы Львов шаарында кырсыкка учурады. 20 киши ооруканага жаткырылды, 800 чактысы эвакуацияланды. Бийликтер бул олуттуу кырсык экендигин эскертүүдө.

Сары фосфор оңой өрттөнөт, ошол эле убакта өтө уулуу зат болуп саналат. Мына ушул затты ташып бараткан узун поезддин 15 вагону Украинанын Польша менен чек арасына жакын жерде аңтарылып кетти. Алардын алтоосунан өрт чыгып, уулуу булут 90 чакырымдай жерди каптады. Украинанын Чукул абалдар министрлигинин Львовдогу бөлүмүнүн маалымат катчысы Павло Василевский, Азаттыктын украин кызматына буларды билдирди:

- Уулуу булут 11 миңдей киши жашаган Бузски аймагындагы 14 айылга кесепет алып келди. Өткөн түнү өкмөттүк комитет 793 кишини эвакуациялоо тууралуу чечим кабыл алды. Булардын 472и коркунуч зонасынан өз унаалары менен кетишти.

20 киши, анын ичинде куткаруучулар жана жергиликтүү тургундар уулуу газды дем алгандан ууланып, ооруканага жеткирилди. Сары фосфор ичке киргенден кийин боорго залал келтириши мүмкүн. Кырсык жайында жүргөн Украинанын өкмөт башчысынын орун басары Олександр Кузмук кырсыкты 1986-жылдагы Чернобыл ядролук кризисине салыштырды:

- Өлкөдө кырсык болду. Чернобыл катастрофасынан кийин биз кайрадан украин элине чыныгы коркунуч келтирүүчү кырдаалга туш келдик.

Кузмук 58 вагондуу поезддин кандайча жолдон чыгып кеткендигин аныктоо боюнча тергөө башталганын мындайча бышыктады:

- Баш прокуратура кылмыш ишин козгоду. Ички иштер министлигине жана Коопсуздук кызматына тийешелүү тапшырма берилди. Биз бул эмнеден болгонун билишибиз керек.

Фосфор негизинен жер семирткичтерде колдонулат. Ал пестициддердин, тиш пастасынын, тазалагыч порошоктордун, ошондой эле жардыргыч заттардын негизги компоненттеринин бири болуп саналат.

XS
SM
MD
LG