Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 17:59

Донецк аэропорту үчүн уруш чоо-жайы


Ок атышуулардан улам күйүп жаткан Донецк аэрпортун карап турган киши. Донецк, 2-октябрь, 2014-жыл.

Ок атышуулардан улам күйүп жаткан Донецк аэрпортун карап турган киши. Донецк, 2-октябрь, 2014-жыл.

Эмне себептен орусиячыл жикчилер шаардын аэропортуна көп маани берип, аны өкмөттүк армиядан тартып алууну көздөшөт?

Украинанын чыгышында урушуп жаткан тараптар ок атышпоо жөнүндө макулдашышканы менен, Донецк шаарынын айланасында салгылашуулар уланууда.

БУУнун маалыматына ылайык, өкмөттүк күчтөр менен орусиячыл жикчилер ок атышпоо келишимине жетишкен 5-сентябрдан бери кеминде 331 киши набыт кетти.

Адам укуктары боюнча Жогорку комиссар 8-октябрда билдиргендей, Украинанын чыгышындагы Донецк жана дагы 2 шаардын айланасында кармаш уланып жатат. Ал эми уруш башталган апрелден бери бардыгы болуп бери дегенде 3 миң 660 кишинин өмүрү кыйылды, 8 миң 756 киши ар кандай жараат алды. 376 миңге жакын киши жер которууга аргасыз болду.

Ошол эле маалда тараптар Донецктен тышкаркы жерлерде негизинен келишимди сактап келатышат. Эмне себептен дал ушул шаардын аэропорту үчүн күрөш уланып, кан төгүлүүдө? Дээрлик күн сайын Донецктин жака белинен жикчилер аскерлердин аэропорттун аймагындагы турумдарын аткылап, армия жооп кайтарып келатат. Аба майданы шаардын борборунан 10 километрдей эле алыс орун алгандыктан, аткылашуудан карапайым адамдар да жабыркашууда.

Учуу тилкеси, көзөмөл мунарасы дээрлик талкаланганы менен, жикчилер аэропортту стратегиялык маанилүү бир пункт катары баалап, ал үчүн күрөштү улантышууда.

-Сепаратисттер өздөрү жарыялап алган жумурияттардын эгемендигин сактоого аракеттенишүүдө. Албетте, көз каранды өлкө аны эч ким тааныбаса да, калган дүйнө менен байланышуу үчүн чоң аэропортко муктаж, - дейт Лондондук аналитик Игорь Сутягин.

Аскерий маселелер боюнча дагы бир эксперт Дуглас Бэрринин айтымында болсо, аэропорт аскерий көз караштан алганда да маанилүү.

- Бир нече убакыттан бери артиллериялык аткылоолорго туш болуп келаткан учуу тилкесинин абалы, албетте суроо жаратат. Бирок аны кыска убакыттын ичинде оңдосо болот. Албетте, мыкты кыла албасаңар да пайдаланууга мүмкүн болгон деңгээлге тез эле жеткире аласыңар. Бул өз кезегинде коргонуу жабдууларын ташууга коридор ачмакчы.

Бэрри ошондой эле жикчилер Киев ал жерге аскердик база курат деп чочулашаарын белгилейт.

Айрым маалыматтарга караганда, алар куралдуу күчтөр менен тең салмакты кармап туруу үчүн согуштук учактарга ээ болууну көздөшүүдө. Бул пландын ишке ашышы Москванын чечимине көз каранды болмокчу дешет аналитиктер

- Кремл жикчилер жарыялап алган жумурияттар Украинанын курамындагы автономия болот деген идеяга толугу менен макул деп айтууга болбойт. Алардын эгемендигин дагы деле эңсешет. Андай болсо аскердик көз карандысыздыгын жана коргонууга кудуретин сактап калуу маанилүү. Ошол себептен жикчилерди согуштук учактар менен камсыздоо пландары бар, атүгүл даярдыктар жүрүүдө, - дейт Сутягин.

Эксперттердин баамында, Донецк аэропортунун учуу тилкесин калыбына келтирүү оңой болмокчу. Эмне дегенде согуштук учактарга 500-600 метрлик тилке жетиштүү. Ал эми Донецктеги жолдун узундугу төрт километрге чамалайт.

Бирок аэропортту аскердик максатта колдонууга куралдуу күчтөр жол бербеши мүмкүн. Башкача айтканда, учуп конгон учактарды аскерлер оңой эле атып түшүрө алышат. Андыктан жикчилер аба майданынын айланасындагы жок дегенде 5 километр радиустагы аймакты көзмөлдөөнү максат кылат.

Андан тышкары узак аралыкка учуучу ракеталардан коргоо үчүн заманбап радарлар керек. Ал жабдууларды да Москва гана бере алат.

Постсоветтик аймактагы жикчилердин согушунда аэропортту көзөмөлдөө канчалык маанилүү экенин 1992-жылкы окуя далилдейт. Генерал Александр Лебедь Молдованын Приднестровье чөлкөмүнүн борбору Тирасполь шаарындагы аэропортту ээлеп алып, ал жактагы орусиячыл сепаратисттерди курал жарак менен камсыздоо үчүн пайдаланган. 4 айга созулган жаңжал эч ким тааныбаса да аймактын иш жүзүндө эгемендигине алып келди.

  • 16x9 Image

    Айнура Жекше кызы

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, котормочу. Кыргыз улуттук университетинин чет тилдер факультетин аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG