Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 08:09

Аида Касымалиева Жогорку Кеңеш депутаты болду


Аида Касымалиева
Аида Касымалиева

Аида Касымалиева Жогорку Кеңештеги КСДП фракциясынын депутаты болду. Бул тууралуу чечимди бүгүн Борбордук шайлоо комиссиясы кабыл алды. Ал парламентке өткөн жумада өкмөттүн Ысык-Көлдөгү ыйгарым укуктуу өкүлү болуп дайындалган Узарбек Жылкыбаевдин ордуна келди.

Касымалиева журналистика чөйрөсүндө иштеп келгендиктен ушул жааттагы маселелерди, аялдар укугу, жаштар саясаты жана миграция темаларын көбүрөөк козгоо планы бар экенин "Азаттык" үналгысына билдирди.

Аида Касымалиева КСДП партиясынын тизмесинде 52-орунда турган. Өткөн жумада Касымалиевага чейинки турган Икрамжан Илмиянов жана Абдыманап Кутушев өз ыктыяры менен тизмеден чыгуу боюнча арыз жазган.

КСДПнын депутаттыкка талапкерлеринин тизмесине ылайык, 53-орунда Азиз Суракматов, 54-Өмүрбек Бакиров турат. (SDz)

XS
SM
MD
LG