Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:40

"Токмок-автодорожный" көзөмөл өткөрмө пункту жаңыланды


Сооронбай Жээнбеков
Сооронбай Жээнбеков

Чүй облусунда кыргыз-казак чек ара тилкесиндеги «Токмок-автодорожный» көзөмөл өткөрмө пункту модернизацияланып, пайдаланууга тапшырылды. Өкмөттүн маалымат кызматы билдиргендей, көзөмөл–өткөрмө пункту суткасына 700 автоунааны жана 5000ге жакын адамды өткөрүүгө эсептелген.

Бүгүн аталган пункттун ачылыш аземине премьер-министр Сооронбай Жээнбеков катышып, Кыргызстандын инфраструктурасын жакшыртуу маселеси ЕАЭБнын талаптарына ылайык өкмөттүн артыкчылыктуу багыты катары каларын билдирди.

- Ишкерлерге, туристтерге ылайыкташтырып биздин өткөрмө пункттарды ЕАЭБнын стандартына ылайык кура баштадык. Апрелдин аягында "Кеңбулуң" посту бүтөт. Андан соң "Актилек", "Чалдовар", "Чоң капка" реконструкциядан өтөт. Булардын бардыгына каражат каралды.

9-мартта Талас облусунун Кара-Буура районунда эл аралык стандартка жооп берген фитосанитардык лаборатория ачылган. Ал эми 2017-жылдын аягына чейин өкмөт 13 фитосанитардык жана ветеринардык лаборатория ишке киргизүү аракетин көрүүдө. Бул максатта мамлекеттен 190 млн. сом бөлүнмөкчү. (SDz)

XS
SM
MD
LG