Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 10:16

Сот оппозициянын митингине тыюу салды


Адил Турдукулов
Адил Турдукулов

29-мартта өтө турган оппозициянын митингине Бишкектин Ленин райондук соту тыюу салды. Бул тууралуу “Азаттыкка” жарандык активист Адил Турдукулов билдирди.

- Ленин райондук акимиаты сотко кайрылыптыр, анын негизинде митингди өткөрүүгө тыюу салынды. Албетте, бул чечимдин бардыгы мыйзамсыз, себеби биз бир ай мурун эле митинг өткөрүү тууралуу арызыбызды бергенбиз. Демек, 29унда митингге чыккандардын бардыгын камайбыз деген шылтоо менен бийлик чагымчылыкка барып жатат.

Оппозициялык маанайдагы жарандык активисттер 29-мартта Коомдук телерадиокорпорациянын имаратынын алдында митинг өткөрүп, бир тараптуу оппозицияны каралаган маалыматты токтотуу, сөз эркиндигине кысым кылбоо жана башка талаптарды айтышмак.

Активисттер алдыда коомчулукка кайрылуу жасашаарын жана бийликке кат жолдошорун кошумчалашты. (SDz)

XS
SM
MD
LG