Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 08:06

Украина бийлиги Вороненковдун өлүмүнө Орусияны айыптоодо


Денис Вороненков.
Денис Вороненков.

Украина президенти Петр Порошенко орусиялык экс-депутат Денис Вороненковдун өлүмүн Орусия тараптан жасалган “мамлекеттик терроризм актысы, мында орусиялык атайын кызматтын ачык изи бар” деп атады. Бул тууралуу ал Фейсбук жана Твиттердеги барагына жазды. Ал ошондой эле бул өлтүрүү Харьковдогу аскер кампасындагы өрт менен бир күндө болуп калышы кокустук эмес дейт.

Мурдараак украин Башкы тергөө башкармалыгы менен башкы прокурору да кылмышка Орусиянын катыштыгы болушу мүмкүн деген версия караштырылып жатканын билдиришкен.

Орусия бийлиги муну дароо четке кагып, депутаттын өлүмүнө тиешеси жоктугун билдирди. Путиндин маалымат катчысы Дмитрий Песков окуя тууралуу президентке маалымат берилгенин айтып, “бул биздин тема эмес” деп комментарий берди.

Вороненков 23-мартта түшкө жуук Киевдин борбордук көчөлөрүнүн кесилишинде атып өлтүрүлгөн. Атышууда анын жансакчысы менен кол салган адам жарадар болушкан.

Орусияда Вороненков 5 млн долларлык имаратты тартып алган деп шектелип, кылмыш иши козголгон. Ошол арада эле ал Крымды тартып алганы үчүн орус бийлигин сындап келген. 2016-жылдын аягында аялы экөө Украинага көчүп кетип, украин жарандыгын алышкан. Январда Украинанын бийликтен кулатылган президенти Виктор Януковичке каршы көрсөтмө берген. Ал эми 15-февралда Орусия аны федералдык издөөгө алган.

45 жаштагы Вороненков 2011-2016-жылдары Коммунисттик партиянын катарында Мамлекеттик думанын депутаты болгон.

XS
SM
MD
LG