Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:46

Лондондогу чабуул үчүн жоопкерчиликти өзүнө "Ислам мамлекети" алды


Чабуул койгон адам “жоокерлеринин” бири экенин уюм өзүнө байланышы бар AMAQ сайтына жарыялады. Ал эми 23-мартта британ премьери Тереза Мэй кол салган адам Британияда төрөлгөнүн, бир нече жыл мурда экстремизмге айыпталып камакка алынганын билдирди. Полиция исламды жамынган террорчулардын аны шыкактоо ыктымалдыгын иликтеп жатканын кошумчалады.

"Кечээги террордук акт биздин демократиянын оозун жабуу үчүн жасалган аракет. Бирок биз коркпойбуз. Терроризмдин алдында чечкиндүүлүгүбүз жоголбойт", деди Мэй.

22-мартта Лондондогу парламент имаратынын жанында белгисиз бирөө машинасы менен жөө кишилерди сүздүрүп, кийин парламентти кайтарган полициячыны бычактаган. Натыйжада үч адам өлүп, 29 адам жаракат алышкан. Чабуул койгондун өзүн полиция жок кылды.

Британ полициясы кол салууга байланышы бар деп жети кишини камакка алды.

XS
SM
MD
LG