Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:17

«Өнүгүү-Прогресс» парламентти кезексиз жыйынга чогулууга чакырды


«Өнүгүү-Прогресс» фракциясы Жогорку Кеӊештин кезексиз сессиясын чакыруу боюнча парламент төрагасына кайрылуу жолдоду. Бул тууралуу аталган фракциядан кабарлашты.

Кайрылууда өлкөдөгү саясий абалды курчутпоо үчүн «Ата Мекен» фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаевдин камалыш себептерин ачык талкуулоо сунушталган.

«Саясий карама-каршылыктар парламенттин ичинде чечилиши керек. Антпесек, мындай талкуулар радикалык мүнөзгө өтүшү мүмкүн. Биз муну каалабайбыз» деп айтылган кайрылууда.

Буга чейин Жогорку Кеӊеш кезексиз жыйынга бүгүн чогулары айтылган. Мындай сунуш менен кечээ «Ата Мекен» фракциясы жана башка фракциялардын айрым депутаттары чыккан.

“Ата Мекен” фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев 26-февралдын түнү Түркиядан учуп келген учурда “Манас” аэропортунан кармалып, УКМКга 48 саатка камакка алынган. Башкы прокуратура ага орусиялык жаран Леонид Маевскийден 2010-жылы бир миллион доллар алып, “Мегаком” сатылгандан кийин кошумчасы менен кайтарып берерин айткан деген негизде “коррупция” жана “алдамчылык” беренелери боюнча кылмыш ишин козгогон.

Өмүрбек Текебаев мунун баарын өзүнө “бийликтин жапкан жалган жалаасы” деп айтып келет.(BkA)

XS
SM
MD
LG