Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:51

Евромайдан Бажы биримдигине тыюу салды


Жекшембидеги "Евромайдан", 15.12.2013
Жекшембидеги "Евромайдан", 15.12.2013

Жекшембиде болжол менен 200 миңдей киши Киевдин Көз карандысыздык аянтына чыгып, президент Януковичтин Евробиримдик менен ассоциация түзүүдөн баш тартканына нааразылык акциясын улантышты.

Ошол эле маалда “Евромайдандан” анча алыс эмес Европа аянтында президент Янукович менен өкмөт башчы Азаровду колдогон, болжол менен 15 миңдей киши катышкан митинг өттү.

Ишембиде Киевге келген республикачыл сенатор Жон Маккейн кечээ Майданда эл алдына чыгып, украиналыктарга Кошмо Штаттардын колдоосун билдирип: "Сиздердин тынч жараян, тынч маанайдагы нааразылык билдиргениңер сиздерди гана эмес, дүйнөнү шыктандырууда. Андыктан биз бул жерде турабыз. Эгемен Украина өз келечегин эркин жана эч кимден көз карандысыз тандоо укугуна ээ. Сиздер келечекти Европа менен бирге көрөсүздөр", - деп кайрылды.

Маккейн менен Киевге келген дагы бир демократ-сенатор Кристофер Мерфи жекшембиде күндүз украин оппозиция лидерлери жана демонстранттар менен кездешкен.

Маалымат каражаттары жекшембиде Майданда Ураинанын Бажы биримдигине кирүүсүнө жол бербөө жана саясий туткундарды бошотуу боюнча резолюциялар кабыл алынганын кабарлайт. Расмий маалыматтарда Майданда өткөн бийликке каршы акцияга 18 миң киши катышты делсе, оппозиция эки жүз миңдей киши келгенин билдирди.

Евромайдан: 15-декабрь
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:14 0:00

Еврокомиссиянын Биримдикти кеңейүү боюнча комиссары Штефан Фюле Твиттер баракчасына Евробиримдик Украина менен ассоциация түзүү боюнча сүйлөшүүдөрдү токтото тураарын жазды. Өткөн аптада Фюле Украинанын биринчи вице-премьери Сергей Арбузов менен кездешкенде, евроинтеграция боюнча мындан кийинки сүйлөшүүлөр Киевдин бул кадамга канчалык ыклас койгонунан көз каранды экенин айткан.

Киевде Майдандан анча алыс эмес Европа аянтында президент Янукович менен өкмөт башчы Азаровду колдогон, болжол менен 15 миңдей киши катышкан митинг өттү.

Шаршембиде президент Янукович Москвада президент Путин менен жолугаары кабарланды. Орусия Киевди Кремль жетектеген Бажы биримдигине кирүүгө шыкактаса, Евробиримдик Украина Бажы биримдигине мүчө болуп туруп, евроинтеграцияга кошула албастыгын эскертүүдө.

Евромайдан, 15-декабрь (Киевде жүргөн кабарчыбыз Улан Асаналиевдин сүрөт баяны)

  • 16x9 Image

    Гүлайым Ашакеева

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист. Кыргыз улуттук университетин, Коста Рикадагы Улуттар Уюмунун университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG