Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:48

Киевде өкмөт үйү курчоодо калды


Украина -- Өкмөт үйүнүн алдындагы демонстранттар, Киев, 2-декабрь, 2013.
Украина -- Өкмөт үйүнүн алдындагы демонстранттар, Киев, 2-декабрь, 2013.

Украинада Европа Биримдиги менен жакындашууну караган келишимге кол коюудан баш тарткан президент Виктор Януковичтин отставкасын талап кылган нааразылык уланууда.

Киевде жүздөгөн демонстранттар бүгүн өкмөттүк башкы имаратты жана анын айланасындагы көчөлөрдү курчап алышып, мамлекеттик кызматкерлерди ишине киргизбей жатышат. Мурдагы ички иштер министри, азыркы оппозиция башчысы Юрий Луценко бул акциялар токтобойт деп сөз берди:

– Министрлер кабинети кетиши керек. Жаңы жашоо, жаңы экономика башталышы керек.

Кечээ Киевдин Көз карандысыздык майданында 100 миңден ашык, айрым эсептөөлөр боюнча, 500 миңдей киши чогулган эле.

Бул 2004-2005-жылдардагы Кызгылтым ыңкылабынан кийинки эң ири демонстрация болуп калды.

Жекшембиде демонстранттар менен полиция президенттик администрациянын жанында кагылышып, полиция аларга каршы ачуу газ жана таяк колдонду. Бул толкундоодо эки тараптан тең 200дөй киши жабыркады. Жараат алгандардын арасында жергиликтүү жана чет элдик журналисттер да болду.

Жүздөгөн демонстранттар Көз карандысыздык аянтында орнотулган чатырларда түнөштү. Николай Коваленко аларга бүгүн эртең менен келип кошулгандардын бири:

– Мен аягына чейин турам. Жоготоор эч нерсем жок. Балдарым чоңойгон. Жок дегенде ошолор жакшы турмушта жашасын.

Демонстранттар кечээ Киевдин шаардык администрациясынын жана борбордук кесиптик кошуундун имараттарын басып алып, түнү менен ошол жакта болушту. Украинанын башка шаарларында да миңдеген киши демонстрацияларга катышты. Батыштагы Львов шаарында кечээ 40 миңден ашык киши көчөгө чыкты.

Премьер-министр Микола Азаровдун маалымат катчысы Виталий Лукьяненко өкмөт чукул абал киргизүүнү пландап жатат деген кабарларды четке какты. Оппозицияны жапырт иш таштоого чакырып, өкмөттү ишенимден ажыратууну эртең шейшембиде парламентте колго салууну талап кылууда.

Янукович Европа Биримдиги менен Ассоциативдик келишимге кол койбой койгондон кийин ишембиде чыккан демонстрацияны полиция күч менен басууга аракет кылган.

Аталган келишимге өткөн аптада Вилньюстагы чоң жыйында кол коюлушу керек болчу. Орусия бул келишимге каршы болуп, Украинага карата чара көрүлөөрүн эскерткен. Украинадан айырмаланып, мындай келишимге кол койгон Грузия менен Молдова эми Орусиянын каарынан коркуп жатышат.

Жума күнкү кол коюу салтанатынан кийин Молдованын өкмөт башчысы Юрий Леанке Москваны Кишинев менен сүйлөшүүдөн баш тартпоого чакырды:

– Москвадагы кесиптештерибиз менен ойдогудай диалог улана берет деп үмүттөнөм. Мен жакында Орусиянын өкмөт башчысы Дмитрий Медведев менен жакшынакай эле сүйлөшкөм. Бардык проблемаларды талкуулап, аларды чечүүнүн жолдорун табышыбыз керек.

Грузия Батышка ыктап, НАТО менен келишим түзгөндөн кийин 2008-жылы Орусия Грузияны бомбалап, ага караган Абхазия менен Түштүк Осетиянын көз карандысыздыгын тааныган. Москва ошондой эле экономикалык чараларды көрүп, анын ичинде грузин виносунун импортуна тыюу салган эле.

Киевдеги кырдаалдан түз видеотрансляция




XS
SM
MD
LG