Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:53

Украинанын жаңы парламентин күткөн түйшүк


Жогорку Рада. Украина.
Жогорку Рада. Украина.

Жогорку Раданын жаңы чакырылышы алгачкы жыйынга чогулду. Парламентте премьер-министр жана парламент төрагасы шайланды.

26-октябрда болгон парламенттик шайлоодо президент Петро Порошенконун блогу менен премьер-министр Арсений Яценюк жетектеген Элдик фронтко кирген батышчыл партиялар жеңген.

Жогорку Раданын 27-ноябрдагы биринчи сессиясына жаңы шайланган депутаттардан башка дагы Украинанын мурдагы президенттери Леонид Кучма, Леонид Кравчук, Виктор Ющенко жана өкмөт мүчөлөрү, чет элдик дипломаттар катышууда.

Украинанын экс-президенттери
Украинанын экс-президенттери

Жыйындын катышуучулары парламент төрагасы Александр Турчиновдун сунушуна ылайык, Евромайданда жаны жайран болгон эр-азаматтар (“Канаттуу жүз” деп аталган кошуундун шейит өлгөн мүчөлөрүн) жана Украинанын чыгышындагы орусиячыл жикчилдерге каршы операция кезинде өлгөндөр эскерилди:

- Мен сиздерди “Канаттуу жүздүн” баатырларын урматтап, Украинанын эркиндиги, күнкорсуздугу жана бүтүндүгү үчүн жанын берген биздин аскерлерди, ошондой эле Орусия биздин өлкөгө каршы баштаган согуш кезде өлгөн жарандарыбызды эскерип, бир мүнөт аза күтүүнү суранам.

Февралда орусиячыл Виктор Януковичтин президенттиктен кетүүсүнө алып келген Киевдеги тирешүүлөр кезде өлгөн “Канаттуу жүз” кошуунун бардык күжүрмөндөрүнө жакында Эл баатыры наамы ыйгарылган.

Депутаттар бүгүн ант да беришти

Бир апта мурда “Петро Порошенконун блогу”, “Элдик фронт”, Олег Ляшконун Радикалдык партиясы, “Самопомич” (Өз ара жардам) бирикмеси жана экс-премьер-министр Юлия Тимошенко башындагы "Батькивщина" партиясы коалиция түзөлү деп расмий макулдашкан. Батышчыл коалицияга парламенттеги 421 орундун 288и таандык.

Бирок алардын жаңы өкмөттү түзүү боюнча сүйлөшүүсү созулуп кетти. Мындан улам президент Порошенко 25-ноябрда жаңы парламентке кайрылып, биринчи кадамды өкмөттү түзүүдөн баштоого үндөгөн.

АКШ жана Батыш мамлекеттери расмий Киевди өкмөт түзүлбөй жатканы үчүн сындашкан. Алар Украинада зарыл реформалар тездетилсе гана жардам берилерин мурдатан эскертип келет.

Петро Порошенко жана Арсений Яценюк маанилүү министрликтерди бөлүшө албай, өкмөттү түзүү кечеңдөөдө дешет серепчилер.

“Петро Порошенконун блогунун” башчысы Юрий Луценконун буга чейин журналисттерге билдиришинче, 27-ноябрда парламенттик коалиция түзүлүп, Жогорку Раданын төрагасы жана премьер-министр шайланууга тийиш. Ал эми 2-декабрга карай өкмөт толук түзүлөт.

Петро Порошенко жана Жогорку Раданын жаңы шайланган спикери Владимир Гройсман.
Петро Порошенко жана Жогорку Раданын жаңы шайланган спикери Владимир Гройсман.

"Жогорку Раданын төрагалыгына “Петро Порошенконун блогунун” мүчөсү Владимир Гройсман, премьер-министрликке сегиз айдан бери өкмөттү жетектеп келген Арсений Яценюк көрсөтүлөт", - деди Луценко.

Айтылгандай эле Жогорку Рада Владимир Гройсманды спикер кылып шайлады. Парламентте “Петро Порошенконун блогу” парламентте 132 мандатка жана Арсений Яценюктун “Народный фронту” 82 мандатка ээ.

26-октябрдагы кезексиз шайлоодо 225 депутат партиялык тизме менен, 198 депутат мажоритардык округдардан шайланган.

Украинанын чыгышындагы москвачыл жикчилдер көзөмөлдөгөн аймактарда дале орусиялык аскерлер калууда. Бул жөнүндө АКШнын Аба күчтөрүнүн командачысы жана НАТОнун Европадагы биргелешкен күчтөрүнүн командачысы Филип Бридлав 26-ноябрда Киевде болгон кезде билдирди. Ал Орусия Крымды милитаризациялоону улантып жатканына да көңүл бурду. Орусия Крым жарым аралын быйыл мартта аннексиялап алган.

XS
SM
MD
LG