Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 01:53

Украинанын күч кызматтары Харьковдогу жарылууну теракт катары мүнөздөөдө. Кечээ кечинде сот имараты алдында болгон жарылуудан кеминде он төрт киши жаракат алган.

Харьковдогу жарылуудан соң украин бийликтери өлкө чыгышындагы бул шаарда антитеррордук операция башталганын маалымдашты.

Жарылуу дүйшөмбү күнү кечинде шаардагы Москва райондук сотунун короосунда болгон. Окуянын күбөлөрүнүн бири Микола Никонов мындай деди:

- Мен эксперт болбогондон кийин граната же мина жарылганын так билбейм. Бирок өтө олуттуу жарылуу болду. Биз сот имаратынан чуркап чыкканда, адамдар жерде оонап жатканын көрдүк.

Бул жарылуудан кеминде он төрт киши жаракат алса, алардын төртөө оор абалда экени кабарланууда. Харьковдун прокурору Артем Степановдун айтымында, алар бул жарылууну “террордук акт” иретинде карап жатышат:

- Сотко чейинки орган Украинанын Кылмыш кодексинин 258 –беренесине ылайык, бул жарылууну террордук акт катары карамакчы.

Харьковдун күч кызматтары маалымдагандай, жардыруу болгон жерде сыртынан оюнчукка окшош, бирок Орусиянын символикалары: желеги жана Георгиев лентасы тартылган предмет табылган.

Украин бийликтеринин Харьковдогу жарылууну теракт катары баалоосу ошол кезде соттун имаратында Украинада улутчул бирикме катары саналган - “Оң сектордун” активисттери жүргөнүнө байланыштуу болушу мүмкүн. Украин парламентинин депутаты Антон Герашенконун пикиринде, Харьков сотунун короосундагы жардыруу түздөн-түз “украин патриотторуна” каршы багытталган.

Орусиячыл активисттер болсо социалдык сайттардагы комментарийлеринде Харьковдогу жарылууну “украиналык путчисттердин кезектеги чагымы” катары мүнөздөдү.

Акыркы апталарда ондогон майда бомба Харьков менен Одесса, Мариупол жана борбор Киевде да жарылды. Харьков өзү Украинанын этникалык орустар көп жашаган шаарларынын бири.

Анда украин бийликтери теракт деп мүнөздөп жаткан жарылуу 250 чакырым алыстыкта жайгашкан Донецк менен Луганскта атышуулар күчөгөн учурга туш келди.

Донецкте соңку күндөрдөгү атышуулардын очогуна айланган, дээрлик талкаланып, тамтыгы чыккан аэропортунун аймагы өз көзөмөлүндө турганын өкмөттүк күчтөр да, жикчилдер да айтууда. Учактар эми учуп- коно албай турган аэропорттун аймагын көзөмөлдөө азыр эки тарап үчүн тең символикалык мааниси бардай.

Украин президенти Петро Порошенко тынчтык орнотуу боюнча жаңы сүйлөшүүлөргө даярдыгын, бирок оболу Орусия былтыр сентябрда Минскиде кол коюлган тынчтык келишимдеринин шарттарын аткаруусу зарылдыгын билдирди.

Украин тарап ошондой эле Орусиядан куралчандардын кирүүсү уланып жатканын айтууда. Премьер-министр Арсений Яценюк Киевдеги басма сөз жыйында:

- Мен жаңы эле Улуттук коопсуздук жана коргонуу кеңешинин катчылары менен сүйлөштүм. Украинанын аскерий чалгын кызматы аскерий кызматчылар жана жарак-жабдык Украинага Орусия федерациясынын аймагынан киргенин ырастайт. Айтмакчы, биз алгачкы эл аралык консультацияларды өткөргөнү жатабыз. Украина ал консультацияларды Орусияны Терроризмге жол бербөө боюнча эл аралык конвенцияны бузганы үчүн жоопкерчиликке чакыруу максатында өткөрөт.

Украин тараптын ырастоосунда, 19-январь күнү эле Орусия тараптан алардын аймагына 700дөй аскер кирген.

Бүгүн Украинада жарым-жартылай аскерий мобилизациянын төртүнчү этабы расмий башталды. Анын алкагында армияга быйылкы жыл ичи 100 миңдей адам чакырылуусу мүмкүн.

Бул аралыкта Москва расмий Киевди өлкө чыгышындагы жаңжалды аскер күчү менен чечүүгө аракеттенип жатканы үчүн айыптады.

Орус тышкы иштер министринин орун басары Григорий Карасин кечээ мындан “Украинанын мамлекеттүүлүгүнө артка кайткыс кесепеттер” болорун эскертти.

Бүгүн Эл аралык Кызыл Чырым комитети акыркы эки аптадан бери Украинанын чыгышында кыянатчылыктардын күчөшүнө терең тынчыздануусун билдирип чыкты.

Уюмдун бүгүнкү билдирүүсүндө көргөзүлгөндөй, Донецкте жана анын айланасындагы уруштардан жөн-жай тургундардын да өмүрү кыйылууда. Кызыл Чырымдын өкүлдөрү болсо гуманитардык ишти аткара албай жатат.

  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG