Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:37

БУУ: Украинада курмандыктар 5300дөн ашты


Өлкөнүн чыгышындагы украин солдаты. 29-январь, 2015-жыл
Өлкөнүн чыгышындагы украин солдаты. 29-январь, 2015-жыл

Бириккен улуттар уюму Украинада согуш аракеттери күч алгандан бери набыт болгондордун саны 5300 адамдан ашканын билдирүүдө. Ал арада Кошмо Штаттар Украинага курал жагынан жардам берүүнү карап баштады.

3-февралдагы билдирүүсүндө БУУнун Адам укуктары боюнча жогорку комиссары Зеид Раад ал-Хуссейн өткөн үч аптада эле согуштар күч алган Чыгыш Украинада аз дегенде 224 карапайым тургун набыт болуп, 545и жараат алгандыгын эскертти.

Билдирүүгө ылайык, былтыр апрел айында башталган Украинадагы куралдуу кагылыштарда жалпы жонунан аз дегенде 5358 кишинин өмүрү кыйылды. Комиссариат чындыгында бул көрсөткүч мындан «алда-канча» жогору болуш мүмкүн экендигин белгиледи.

Зеид Чыгыш Украинада жаңжал аймагында жашап жаткан 5 миллиондон ашык адам үчүн согуштун күч алышы өтө оор кесепеттерди алып келээрин эскертти.

Ал өкмөттөрдү жана кырдаалга таасир тийгизе ала турган бардык тараптарды былтыр Минскиде кол коюлган тынчтык планынын толук аткарылышын камсыздоо үчүн бардык аракеттерди көрүүгө чакырды.

Билдирүүгө ылайык, украин өкмөтү көзөмөлдөп турган Девальцево, Авдеевка, ошондой эле жикчилдердин колундагы Донецк жана Горловка шаарларында карапайым тургундар арасында өлүм жогору болуп жатат.

Дүйнө лидерлери жана өкмөт өкүлдөрү Орусия былтыр март айында Крымды Украинадан тартып алгандан кийин башталган жаңжалдын кийинки кездеги күч алышына тынчсыздануусун билдирип келатышат.

Бул окуялар Орусия менен Батыштын ортосундагы алакасын Кансыз согуштан берки эң төмөнкү чекке жеткирди.

Соңку кабарлардан кийин АКШнын бийликтери Украинага согуштук коргонуу куралдарын берүнү карап баштады.

- Вашингтондун максаты дипломатиялык жолдор менен тынчтыкка жол табуу болгон менен, кризистен сүйлөшүү аркылуу чыгууга шарт түзө турган башка да мүмкүнчүлүктөрдү ар дайым карап келгенбиз,- деди 2-февралдагы сөзүндө Мамдепартаменттин маалымат катчысы Жен Псаки.

2-февралда ошондой эле АКШдагы эки иликтөө уюму: Атлантика кеңеши жана Брукингс институту Вашингтон администрациясын Украинага 3 миллиард долларга аскерий жана аскерий эмес жардам көргөзүүгө үндөгөн баяндамасын жарыялашты.

Баяндама авторлорунун арасында администрациянын мурдагы сегиз өкүлү, анын ичинде мамлекеттик катчынын орун басары Строб Тэлбот, НАТО күчтөрүнүн мурдагы колбашчысы Жеймс Ставридис, Кошмо Штаттардын Украинадагы мурдагы эки элчиси да бар.

Ал арада Москва дагы соңку кездери катуу чыгып жатат. Өткөн аптада орус президенти Владимир Путин украин аскерлерин «НАТОнун чет элдик легионуна» салыштырды.

3-февралда белгилүү болгондой, НАТОнун баш катчысы Йенс Столтенберг жакында Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров менен жолугушат. НАТОнун маалымат кызматы билдиргендей, экөө 6-февралда Мюнхенде башталып жаткан үч күндүк коопсуздук конференциясында эки тараптуу сүйлөшүү жүргүзүшөт.

Кабарларга караганда, Столтенберг мында украин президенти Петро Порошенко менен да жолугат.

31-январда Минскиде өткөн төрт тараптуу сүйлөшүү жыйынтыксыз аяктаган эле. Украин өкмөтү менен Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюму орусиячыл жикчилдердин сентябрь келишиминин шарттарын талкуулоого да даяр болбогондугун айтышкан.

Ал арада орус өкмөтү Орусияда айрым азык-түлүктүн баасын көзөмөлгө алууну пландап жаткандыгын бышыктады.

"Интерфакс" агенттиги билдиргендей, премьердин орун басары Аркадий Дворкович кечээ шейшембиде өкмөт «социалдык маанидеги» тамак-аштын баасын көтөрүүгө чек коюшу мүмкүн деди.

Орусиянын экономикасы мунайдын арзандап кетишинен жана Батыштан импорттолгон азык-түлүктүн көбүнө тыюу салышынан жапа чегүүдө. Экономика министрлиги быйыл инфляция 12 пайызга чейин жетиши мүмкүн деп божомолдоп жатат.

Дворковичтин билдирүүсү менен катар Орусиянын Башкы прокуратурасы «баалардын негизсиз көтөрүлүшүн» аныктоо максатында дүкөндөрдү текшерип баштаганы кабарланууда.

XS
SM
MD
LG