Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:44

Үмүт арттырган Минск саммити


Уруштан качкан украиналыктар. Дебальцево, 6-февраль, 2015-жыл.

Уруштан качкан украиналыктар. Дебальцево, 6-февраль, 2015-жыл.

Украинанын чыгышындагы куралдуу жаңжалды жөнгө салуу боюнча саммит ушул шаршембиде Минскте өтүшү мүмкүн. Бул тууралуу орус, украин, немис жана француз лидерлеринин кечээ күнкү телефон сүйлөшүүсүнөн кийин жарыяланды.

Мунун алдында украин кризиси Мюнхендеги коопсуздук конференциясынын башкы темасы болду.

11-февралга деп мерчемделген саммит ок атышууну токтотуу боюнча эми бузулбай турган жаңы милдеттеме менен аяктайбы деп үмүт артылууда.

Орус, украин, француз президенттери жана немис канцлеринин жекшембидеги телефон сүйлөшүүлөрүнөн соң расмий Киев Минсктеги саммит “украин аскерлери менен орусиячыл жикчилер ортосунда ок атышууну тез жана шартсыз токтотууга алып барарына” ишеним билдирди. Бул тууралуу украин президентинин интернет сайтында жазылды.

Минсктеги жыйынга былтыр сентябрдагы тынчтык келишимине кол койгон тараптар: Орусия менен Украинадан тышкары, ЕККУнун жана орусиячыл жикчилердин өкүлдөрү да келиши керек. Алардын ок атышууну токтотуу боюнча буга чейинки макулдашуусу аткарылбай калган эле.

Минсктеги саммитке даярдык көрүп, ок атышууну токтотуунун жаңы өбөлгөлөрү менен кепилдиктерин сүйлөшүү үчүн эксперттик деңгээлдеги жыйын бүгүн Берлинде өткөрүлгөнү жатат.

Меркел, Путин, Олланд Кремлде. 6-февраль, 2015-жыл.

Меркел, Путин, Олланд Кремлде. 6-февраль, 2015-жыл.

Орус президенти Путин кечээ болочок саммиттин конок ээси, беларус президенти Лукашенко менен жолукканда жыйынга чейин макулдашууну талап кылган маселелер бардыгына токтолду:

- Биз Минскте мамлекет жана өкмөт башчылар форматында жолугушуу өткөрүүгө келиштик. Эгер биз акыркы күндөрү интенсивдүү талкуулап келген позицияларды макулдаша алсак, шаршембиге мерчемдейбиз.

Өткөн аптанын соңунда Украинанын чыгышында тынчтык орнотуу планын талкуулоо үчүн Киевге жана Москвага немис канцлери Ангела Меркел менен француз президенти Франсуа Олланд келип кеткен эле. Ал тынчтык пландын чоо-жайы Киев менен Москвадагы сүйлөшүүлөрдөн кийин деле ачыкталган жок.

Болгону француз президенти Олланд план украин күчтөрү менен жикчилерди бөлгөн тилкеде туурасы 50-70 чакырымдык буффердик зона түзүүнү, Луганск жана Донецк облустарына кеңири автономия берүүнү караарын гана ишара кылды.

Мюнхен конференциясындагы кайым айтышуулар

Украина тууралуу акыркы үч күндө жыл сайын өтүүчү Мюнхен коопсуздук конференциясында да сөз болду.

Жыйырмадай мамлекет башчы, алтымыштай тышкы иштер жана коргоо министрлери, бир нече жүз саясатчы, ишкерлер катышкан конференция украин кризиси боюнча бир жактан Украина жана Батыш, экинчи жактан Орусиянын туруму карама-каршы экенин дагы бир жолу көргөздү.

Немис тышкы иштер министри Франк Вальтер Штайнмайер кечээ конференцияда сүйлөп жатып:

- Биз, европалыктар үчүн бул жаңжал (Украинадагы) мурдагыдай эле туруктуу коопсуздук Орусияга каршы эмес, аны менен чогуу гана куруларын туюндурат. Анткен менен муну жалгыз гана тарап тааныбашы керек. Жакшы келечек Европага каршы эмес, Европа менен бирге экенин Москва да аңдап билиши абзел.

Немис дипломатиясынын башчысы орус тышкы иштер министри Сергей Лавровдун конференциядагы сөздөрү диалогго салым кошпосун эскертип өттү.

Орус тышкы иштер министринин Крымдын аннексиясы эл аралык мыйзамга ылайык болду деген сөздөрүн конференция катышуучулары күлкү менен кабыл алышты.

Лавров өз сөзүндө Европадагы коопсуздукка шек келтиргени үчүн АКШ менен НАТОну айыптады. Евробиримдик менен Орусиянын стратегиялык алака-катышы бекемдиктин сыноосунан өтпөй калганын белгиледи.

Порошенко Мюнхен конференциясында сүйлөөдө. 7-февраль, 2015-жыл.

Порошенко Мюнхен конференциясында сүйлөөдө. 7-февраль, 2015-жыл.

Украин президенти Петро Порошенко болсо өлкөнүн чыгышында орус жоокерлери бардыгынын далили катары алардан алынган паспорттор менен аскерий билеттерди кармап алып сүйлөдү.

Мюнхен конференциясына АКШдан вице-президент Жо Байден, мамлекеттик катчы Жон Керри баштаган өкүлдөр катышты.

Керри кечээ Украина боюнча АКШ менен Европанын туруму бир экенине көңүл бурду:

- Баарыңарды ишендирип кетейин, АКШ менен Европанын ортосунда ажырым жок. Биз бирбиз, биз тыгыз кызматташтыкта иштеп жатабыз, дипломатияда чогуубуз. Бул проблема аскерий жол менен чечилбей турганына баарыбыз макулбуз.

Жон Керри бул сөздөрдү АКШ Украинага курал беришине Европа каршы деген маалыматтардан улам айтты окшойт.

Украин жаңжалы курал менен чечилбесин, конференциядагы сөзүндө немец канцлери Ангела Меркел да эскерип өткөн.

Америкалык расмий өкүлдөр билдиргендей, Украинага курал берүү же бербөө боюнча чечим кабыл алына элек. Президент Обама бул маселени азырынча ойлонуштурууда.

Вашингтон менен Брюсселдин Украина боюнча туруму окшош экенине кечээ кабарчылар менен маегинде Еврошаркеттин тышкы саясат боюнча жогорку өкүлү Федерика Могерини да токтолду:

- Биз Украинаны колдоо жагынан бирбиз, Орусияга кысым көргөзүү жагынан бирбиз. Саясий диалогдун зарылдыгы жагынан да бирбиз.

Байкоочулардын баамында, Мюнхен конференциясында Батыш Орусия менен конфронтацияны каалабасын, бирок тынчтыкка салым кошуу аракеттери иш жүзүндө байкалбаса, Москваны изоляциялоо жана санкциялар күчөтүлөрү ачыкталды.

Өлгөндөрдүн саны 50 миңге жетеби?

Украинадагы жаңжал диалог аркылуу жөнгөрүлөт деген жаңы үмүт пайда болгон шартта андан өмүрү кыйылгандардын саны боюнча жаңы маалымат чыкты.

Немистердин Frankfurter Allgemeine Sanntagszeitung газетасы Германиянын чалгын кызматына шилтеме жасап жазганына караганда, өлгөндөрдүн чыныгы саны 50 миңге чейин жетиши ыктымал.

БУУнун эсебинде, былтыр апрелдин ортосунан берки уруштарда 5358 кишинин өмүрү кыйылганы такталды, бирок актуалдуу сан мындан көп болушу мүмкүн. Украин президенти Петро Порошенко болсо, Мюнхен конференциясында уруштардан 1200 аскер кызматчысы, 5400 жөн-жай тургун мерт болгонун билдирди.

  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG