Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:19

БУУ: Азык-түлүк баасы арзандабайт


Быйыл дүйнөдө буудайдын түшүмү былтыркыга салыштырмалуу жакшы болгону айтылууда.

Быйыл дүйнөдө буудайдын түшүмү былтыркыга салыштырмалуу жакшы болгону айтылууда.

Улуттар уюму азык-түлүктүн азыркы кымбат баасы алдыда дагы сакталарын, а түгүл кымбатташы мүмкүндүгүн эскертүүдө.

Бул өз кезегинде дүйнөнүн ар кайсы бурчунда калкты тамак-аш менен камсыздоодо кайрадан кыйынчылыктарды жаратуусу мүмкүн.


Буудайдын түшүмү былтыркыдан жакшы
Өндүрүш көбөйгөнү менен суроо-талап да күчөдү. Биз азыр баа төмөндөгөнүнө күбө болуп жатканыбыз менен кырдаал чыңалган эле бойдон.
Консопсион Калпе


БУУнун Азык-түлүк уюму 10-октябрда “2011-жылдагы азык-түлүк коопсуздугунун абалы” деп аталган жылдык баяндамасын жарыялады. Анда айтылгандай, азыркы кымбат жана өзгөрүлмө баа азык-түлүк коопсуздугуна глобалдык деңгээлде салым кошкон фактор жана эл аралык коомчулуктун олуттуу тынчыздануусунун негизги булагы.


Баяндамада белгиленгендей, “экономикасы өсүп жаткан өлкөлөрдүн керектөөчүлөрүнөн тамак-ашка болгон суроо талап күчөйт, дүйнөдө калк санынын өсүүсү уланууда. Буга кошумча биоотун өндүрүш көлөмүнүн өсүшү азык-түлүк системасында кошумча суроо-талапты жаратат".

Дүйнөлүк Азык-түлүк уюмунунун Римдеги кеңсесинин талдоочусу Консопсион Калпенинин “Азаттыкка” айтканына караганда, климаттагы өзгөрүүлөрдөн улам азык-түлүктүн айрым негизги түрлөрүнүн өндүрүшү дүйнөнүн бир аймагынан экинчисине көчтү. Бирок бул деле учурдагы суроо-талапты толук канааттандырып, кымбатчылыкты четтете албайт:

- Дагы бир себеп, маселен, дан азыктары боюнча өндүрүштүн басымдуу бөлүгү азыр Кара деңиз чөлкөмүнө көчтү. Кара деңиз чөлкөмү аба-ырайыдан улам түшүм өзгөрүп турган аймак. Андыктан өндүрүштүн жаңы аймактарга көчкөндүгү да келечекте баанынын туруксуз болуп турушуна салым кошот. Бул өндүрүш жагы гана. Эгер сиз суроо-талап жагын карасаңыз, буга чейин болбогон феноменди – дан азыктарынан биоотун өндүрүлүп жатканын көрөсүз. Бул дагы кайрадан эле олку-солкулукка салым кошот. Буга кошумча дүйнөлүк экономиканын келечеги боюнча белгисиздик да азык-түлүк продуктуларына карата суроо-талапка таасир берүүдө. Ушул өңдөнгөн факторлордун баары биригип, азык-түлүк бааларындагы олку-солкулук уланарын шарттоодо.

Дүйнөлүк азык-түлүк уюмунун өкүлү Консопсион Калпе “Азаттык” радиосунун кабарчысы менен маегинде кошумчалагандай, быйыл дүйнөдөдө буудайдын түшүмү былтыркыга салыштырмалуу жакшы болгондуктан баа арзандаганы байкалат. Бирок дүйнө өлкөлөрүнүн кампалары буудайга карк болуп калды деп айтуу мүмкүн эмес:

- Өндүрүш көбөйгөнү менен суроо-талап да күчөдү. Биз азыр баа төмөндөгөнүнө күбө болуп жатканыбыз менен кырдаал чыңалган эле бойдон. Албетте 2007-2008-жылдардагыдай чыңалуу жок, бирок буудай кору келечекте баа кымбаттабай турганынын кепилдегидей деңгээлде калыбына келе элек.


Казакстанда буудай эки эсеге арзандады


КМШ аймагындагы баа үчүн чечүүчү роль ойноочу Орусия менен Казакстанда да буудайдын дүң жыйымы быйыл көбөйдү. Ал эми былтыр бул эки өлкө тең буудай тартыштыгына байланыштуу аны тышкы базарга чыгарууга тыюу салышкан эле. Орусияда маселен буудайдын дүң жыйымы быйыл 60 миллион тоннага жетери күтүлүүдө. Бул былтыркыдан 18 миллион тоннага көптүк кылат.
Бүгүн жери барлар деле аны иштетпей, чөп басып калып жатбайбы. Мисалы Чүйдүн батыш тарабында жердин баары камыш басып жатат...
Ырысбек Абдурасулов

Кыргызстан буудай сатып алуучу Казакстанда жыл башына салыштырмалуу буудай баасы эки эсеге жакын арзандады. Өлкөнүн айыл-чарба министрлигинин ушул дүйшөмбүдөгү билдирүүсүнө караганда, эгер былтыр Казакстан 12, 2 миллион тонна дан жыйнаса, быйыл бул көрсөткүч 22-23 миллион тоннага жетери күтүлүүдө.

Азык-түлүк уюмунун баяндамасында, кымбатчылык айыл-чарбасына инвестицияны көбөйтүүгө түрткү берерин белгилеп, ирригацияны жана жерди башкарууну жакшыртууну түшүмдү көбөйтүүгө салым кошуучу негизги иш-чаралар катары атаган.

Айыл-чарба илимдеринин доктору Ырысбек Абдурасулов биз менен маегинде эгер инвестиция жумшалса, Кыргызстанда айдоо аянттардын көлөмүн көбөйтүүгө болоруна, бирок учурда колдо бар жер деле натыйжасыз пайдаланылып жатканына токтолду:


-Айыл-чарбасында товардык өндүрүш болуш керек. Бул эң негизги маселе. Ансыз биздин айыл-чарба көтөрүлбөйт. Себеби натуралдык деңгээлинде тура берет. Бүгүн күндө жери барлар деле аны иштетпей, чөп басып калып жатбайбы. Мисалы Чүйдүн батыш тарабында жердин баары камыш басып жатат.

Дүйнөлүк Азык-түлүк уюму өз баяндамасында баалардагы олку-солкулук өлкөлөргө, элдерге жана үй-бүлөлөргө ар башкача таасир берерин белгилейт . Айрым ири мамлекеттер кырдаалды соода чектөөлөрүн киргизүү, жакыр катмарды колдоо жана базарга кол тийгис корду чыгара коюу менен жөндөп кетиши мүмкүн.

Соода изоляциясы өз кезегинде эл аралык базарда бааны көтөрүп, импортко көз каранды мамлекеттерде азык-түлүк тартыштыгын жаратат. Дүйнөлүк азык-түлүк уюму былтыр дүйнөдө тойо тамак ичпеген адамдар саны 925 миллион деп санаган. Ага чейин 2006-2008-жылдары бул көрсөткүч 850 миллон болчу. Учурда ачарчылыктын көрсөткүчүн иликтөө боюнча методологиясы кайра каралып жатканын белгилөө менен ФАО быйылкы жылга кандайдыр бир санды атабады.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG