Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 22:23

Балтимордо коменданттык саат киргизилди


АКШда миңдеген полициячылар менен улуттук гвардиянын аскерлери өлкө чыгышындагы Балтимор шаарына жайгаштырылды.

Полициянын кармоочу жайында отурган жеринен каза тапкан кара бала жерге берилгенден кийин тутанган тополоңдон улам Мэрилэнд штатынын губернатору чукул кырдаал киргизүү буйругун берди.

Тополоң, талап тоноолор 27-апрелде 25 жаштагы Фредди Грейддин жаназасынан кийин тутанган. Маркум бычак көтөрүп жүргөндүгү үчүн убактылуу кармоочу жайга камалгандан көп узабай, 19-апрелде кыр аркасынан алган жаракаттан көз жумган. Юстиция департаменти анын кайсы жерде жана качан жарадар болгонун, эмне себептен жардам дароо эмес, бир сааттан кийин гана берилгенин аныктоо үчүн иликтөө баштады. Полициянын алты кызматкери окуяга байланыштуу иштеринен убактылуу четтетилди.

Маркумдун жакындары тополоңдордун буга чейин өткөрүлүп келген тынч жүрүштөр менен байланышы жоктугун белгилеп, зомбулукту токтотууга, жаштарды үйлөрүнө кайтууга үндөштү.

Акыркы маалыматтарга караганда, полиция дүкөндөрдү, башка жайларды көтөрүлүшчүлөрдөн коргоого аракет көргөндө 15 тартип сакчы жарадар болду. Полициячылар негизинен аларга кирпич, бөтөлкө ыргытышканда жараланышкан. Алардын экөө ооруканага жаткырылды. Тополоңго катышкан 25 киши кармалды.

Балтимордо чукул кырдаал жарыяланды
please wait

No media source currently available

0:00 0:00:46 0:00

Аламандаган жаштар өткөн күнү кечинде жаңы салынып жаткан социалдык борбордун имаратына, дарыкана, дагы бир нече жайларга, полициянын машинелерине өрт коюшту. Бир топ дүкөндөрдү талап тоноп кетишти.

Полиция тараткан билдирүүдө шаардагы бандиттердин бир нече чоң уюшмалары тартип коргоочуларга каршы биргелешип аракеттенүү жөнүндө алдын ала сүйлөшүп алышканы аныкталганы айтылат.

Зордук-зомбулук өткөн ишембиде Грейдин өлүмү үчүн күнөлүүлөрдү жоопко тартууну талап кылган 1200дөй кишинин катышуусундагы демонстрациядан кийин да тутанган.

Балтимордун мэри Стефани Роулингз-Блейк “адилеттүүлүктү талап кылган тынч нааразылык акциясы” менен “зомбулукка тукургусу келген бандиттер” ортосунда чоң айырма бар деп, бийлик кырдаалды көзөмөлгө алуу үчүн бар аракетин жумшап жатканын билдириди.

- Бул шаарыбыздын тарыхындагы эң кайгылуу барактар. Бүтүндөй дүйнө бизди карап турганын билебиз. Бир ууч кылмышкерлердин айынан шаардын башаламандыкка батып кетиишине жол бербейбиз.

Шейшембиден тарта саат 22ден таңкы саат 5ке чейин коменданттык саат киргизилди. Бүгүн мектептерди ачпоо чечими кабыл алынды.

Улуттук гвардиянын командачысы Линда Сингхдин айтымында, шаарда тартипти сактоого 5 миңдей аскер тартылып, оор техника киргизилиши мүмкүн. Бирок аскердик абал жарыяланбайт.

620 миң калктуу Балтиморго ошондой эле кошумча полициячылар жөнөтүлүүдө.

Ага чейин президент Барак Обама администрация зарыл болгон жардамды берээрин айткан.

Губернатор Ларри Хоган адамдардын өмүрүн жана жарандардын мүлкүн коргоо тууралуу буйрук чыгарды.

Губернатор аскерлерди киргизүү аргасы кеткенден кийинки оңой эмес кадам болгонун белгиледи.

- Фредди Грейдин өлүмүнө эмне себеп болгонун түшүнүүгө, ага байланышкан суроолорго жооп берүүгө тийишпиз. Ал эми шаардын көчөлөрүн аралап, мүлктөрдү кыйратып, бейкүнөө адамдарга кол салып жаткан, мыйзамды көзгө илбеген бандиттерге чыдабайбыз.

Зордук-зомбулуктан улам дүйшөмбүнүн кечинде бейсбол боюнча мелдеш өткөрүлгөн жок.

Эсиңиздерге сала кетсек, ушундай эле окуя өткөн жылдын жайында Миссуридеги Фергюсон шаарында болгон. Анда тополоңдорго ак полициячынын огунан афроамерикалык жигиттин набыт кетиши түрткү болгон.

XS
SM
MD
LG