Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:34

Вице-премьер-министр Москвада мигранттар менен жолукту


Орусияда иштеген кыргызстандыктар
Орусияда иштеген кыргызстандыктар

Вице-премьер-министр Жеңиш Разаков менен диаспора өкүлдөрүнүн жолугушуусу 28-сентябрда Кыргызстандын Москвадагы элчилигинде болду. Ага ички иштер министри Кашкар Жунушалиев да катышты.

Жолугушууда мигранттар өздөрүнүн көйгөйлөрүн айтышты. Алар кыргыз элчилигинин кызматкерлерин, мигранттарга укуктук жактан жардам берүүчү юристтердин санын көбөйтүүнү, Мамлекеттик миграция кызматынын өкүлчүлүгүн Орусияда ачууну сурашты. Бул тууралуу кыргыз өкмөтүнүн басма сөз кызматы кабарлады.

Расмий маалыматтар боюнча, учурда Орусияда 574 843 кыргызстандык мигрант иштейт. (ZKo)

XS
SM
MD
LG