Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:25

Кытайды тырчыткан жолугушуу


Президент Барак Обама менен Далай Лама. 15-июнь, 2016-жыл
Президент Барак Обама менен Далай Лама. 15-июнь, 2016-жыл

АКШ президенти Барак Обаманын Тибеттин диний лидери Далай Лама менен кезектеги жолугуусун Кытай сынга алды. Кечээ эки тарап Вашингтондо жолугуп, Тибет менен Кытай конструктивдүү жана түз сүйлөшүүсү керек деген жыйынтыкка келишкен.

15-июнда АКШ Ак үйүндө президент Барак Обама менен Тибеттин диний лидери Далай Ламанын кезектеги жолугушуусун Кытай адаттагыдай эле сынга алды. Өлкөнүн Тышкы иштер министрлигинин өкүлү Лю Канг атайын билдирүү жасады:

- Биз Америка Кошмо Штаттарын Тибет маселесин козгоп, Кытайдын ички ишине кийлигишпөөгө, Кытай-АКШ алакаларын буза турган кадамдарды жасабоого чакырабыз. Кытайдын Тибетиндеги кырдаал боюнча кытай элинин пикир айтууга укугу бар.

Ак үйдүн маалымат кызматы Обама менен Далай Лама Кытайдагы тибеттиктердин абалын талкуулашканын билдирди. Обама Тибеттин уникалдуу диний, маданий жана тил салттарын сактоону чечкиндүү колдорун айткан. Мындан тышкары Кытайдагы тибеттиктердин укуктарын сактоонун маанилүүлүгүнө токтолгон.

АКШ президенти чыңалууну азайтып, пикир келишпестиктерди жөнгө салуу үчүн Далай Лама жана анын тарапташтарын Кытай бийлиги менен конструктивдүү сүйлөшүүгө чакырган.

Кытай Далай Лама менен жолугууну жикчил күчтөргө колтук ачуу деп баалайт. Саясий бозгундагы Далай Ламаны динге жамынып, көп жылдардан бери Кытайга каршы жикчил иштерди жүргүзөт деп айыптап келет. Өлкөнүн Тышкы иштер министрлигинин өкүлү Лю Канг:

- Улуттук суверенитетти жана этникалык биримдикти сактоодо Кытай өкмөтү менен эли чечкиндүү. Тибет маселесин козгоо жана Кытайдын ички ишине киришип, стабилдүүлүктү, улуттук биримдикти ыдыратуу аракетинен майнап чыкпайт.

Жолугушууда Барак Обама мурдагы позициясын дагы кайталап, Тибет Кытай Эл Республикасынын бир бөлүгү экенин, Кошмо Штаттар Тибеттин көз карандысыздыгын колдобой турганын бышыктаган. Далай Лама да эгемендикке умтулбай турганын айтып, алардын кытай бийлиги менен диалогу калыптанарына үмүт арткан. Эки тарап тең андай сүйлөшүү маанилүү деген жыйынтыкка келишкен.

Жолугушуу Пекиндин Чыгыш Азиядагы аймактык кинелеринен улам АКШ-Кытай мамилеси чыңалып турган учурга туш келди.

Обама Далай Лама менен акыркы сегиз жылда ушуну менен төртүнчү ирет кездешти. Бу сапар диний лидерди президент дүйнө лидерлерин кабыл алып сүйлөшкөн кабинетинде кабыл алды. Ак үйдүн расмий өкүлү Жош Эрнест жолугушкан жер кадыресе мааниге ээ экенин айта өттү.

80 жаштагы Далай Лама Тибеттен 1959-жылы Кытайдын башкаруусуна каршы ишке ашпай калган козголоңдон кийин чыгып кеткен.

XS
SM
MD
LG